Үйлүү болуш үчүн канча жыл каражат чогултуш керек?

26-Апрель, 2021


«Жамааттык Медианын» редакциясы Lalafo.kg сервисинин маалыматтарынын негизинде кыймылсыз мүлккө канча жыл акча топтооруңузду аныктай турган калькулятор түздү. 

Анын жардамы менен кыялыңыздагы турак-жай үчүн канча жыл каражат чогулта турганыңызды билип алсаңыз болот.

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринен менчик квартира алууну кыялдангандар үчүн калькулятор:

https://www.azattyk.org/a/31223143.html?fbclid=IwAR0c6wBpLzM4Q_t4d5DZHjer_wRHvxv9RD6lPSWwpcPDPYrLdyBkmSef1ok

Кыргызстандыктар турак-жай үчүн канча жыл акча чогултушу керек?

Орточо эмгек акынын көлөмүндө акча (18500 сом) иштеп таап, анын эң аз 6000 сомдук өлчөмдөгү бөлүгүн коротуп, калганын турак жай сатып алууга топтогон кыргызстандыкты элестетип көрөлү. Өлкөдө орто эсеп менен бир бөлмөлүү квартира 1,5 миллион сомго бааланат.

Демек, бул каражатты топтош үчүн орточо эмгек акы алган кыргыз жаранына 10 жылга чейин убакыт керек болот. Бирок, бул убакыт аралыгында каарманыбыздын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны да өзгөрүп, турак-жайга болгон баа дагы кымбаттайт.

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин баа индексине ылайык акыркы 5 жылда Кыргызстанда квартиранын бир чарчы метринин орточо баасы 35%га, ал эми жер тамдын баасы дээрлик 30%га өстү.https://www.azattyk.org/a/502561/1/31223132.html

Каатчылыктын шартында турак-жайга ээ болуу барган сайын татаалдашууда. Айлык маянадан гана киреше келе турган болсо анда турак-жай сатып алуу көп жылдардан кийин гана ишке ашат. Бул аралыкта турак-жай аянтынын баалары дагы, ага муктаждардын катары дагы көбөйүшү мүмкүн.

Сиз турак-жай үчүн канча жыл каражат топтоону пландап жатасыз?

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү.

Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун, «Азаттыктын» жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *