Жашоочулар өздөрүнүн кампасына каалаган убакта киралбай жатышат

Ош шаарынын тургуну Курбаналиева Тиллайым кечээ күнү бизге кайрылган. Анын айтымында, өзүнүн жашап жаткан үйүнүн буюм-тайым сактагыч кампасын  башка бирөөлөр мыйзамсыз тосуп алышкан.

«Мен Ленина көчөсүнүн  281- үйүндө жашайм, ал жерде ар бир  батирдин буюм сактагыч кампасы бар. Биз ал жака варенье, майда-чүйдөлөрүбүздү коёбуз. Кээ бир кошуналарыбыз сатышкан, бирок биз саткан эмеспиз. Кампалар  катар жайгашкандыктан, ошол сатып алган бала биздин кампабызды кошуп тосуп алыптыр. Азыр ал жерди үй кылып жашап жатышат. Биз өзүбүздүн кампабызга каалаган убакта киралбай жатабыз. Ити дагы бар, аны байлап коёт, бирок бошонуп чыгып кетет. Бир күнү абышкам кире калган экен тиштеп алыптыр, а кече келиним киргенде аны да тиштеп алайын деди. Бул жерде бир эле менин эмес, дагы башкалардын буюм сактагыч кампасы  бар. Кошуналар баарыбыз эле даттанып жатабыз. Өзүнө айтсак “кызыл китебим бар” — деп жатат. Мен ден-соолугума байланыштуу үйүмүдү сатып Жалал-Абадка кетейин деп жаткам. Ал бала алмаштырып берем деп, атайын Жалал-Абадка алып барып үй көрсөтүп, алмаштырып берем азырынча эч кимге айтпай эле туруңуз деген. Ага ишенип үйүмдү бергени калдым эле, азыр эми ага ишенич жок. Ошондо ал биздин жеке менчик кампабызды тосуп алганга акысы барбы? Ушул маселени чечип бериниздер» — деди Тиллайым Курбаналиева

Буюм сактагыч кампа


Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *