2022- жылдын 30- август күнү «Интербилим- Ош» коомдук уюму Ноокат районундагы сүрдүрүүгө кабылган үйлөр боюнча пресс- конференцияда маалымат берди.

Эске сала кетсек 2022 жылдын апрель айларында Ноокат районунда бир нече үйлөр сүрдүрүүгө дуушар болгон. Сүрдүрүүлөр Ноокат райондук акимиаттын буюртмасынын негизинде башталып жалпысынан 424 турак жай объектилерине чечим чыккан.

Оштогу Интербилим уюмунун жетекчиси Гульгакы Мамасалиева билдиргендей:
«Апрель айында Ноокатта жол жээгиндеги 200гө жакын үй сүрдүрүлгөн, жергиликтүү бийлик жарандар менен уюштурулган жыйында сүрдүрүүлөрдү Ош-Баткен-Исфана жол курулушу менен түшүндүрүшкөн, жана компенсация каралбагандыгын айтышкан. Мындайча айтканда, аким Д. Иманалиев жарандарды түшүнүү менен мамиле жасап, өз эрки менен жолду бошотуп берүүсүн суранган.
Биз, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине эмне үчүн жол куруу себеби менен бузулган үйлөргө компенсация каралган эмес деп кайрылганда, Ош- Баткен- Исфана унаа жолунун курулушу тургундардын мүлкүнө терс кесепеттерди алып келбейт деп жооп алганбыз. Бирок, жергиликтүү бийлик жол курууну негиз кылып жарандарга эскертме таратып сүрдүрүүлөрдү баштаган.
Демек, үйлөрдү сүрдүрүү Жер кодексинде көрсөткөн беренелерге дал келбейт, Жер кодексинин 66- беренесине ылайык: Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып кою жер участогуна болгон укуктун сатып алуу баасы төлөнүп берилгенден жана зыяндардын орду толтурулгандан кийин жүргүзүлөт.
Жол куруу себеби менен бузулган үйлөр мамлекеттик керектөө болуп эсептелет, эгерде минтранс тиешеси жок болсо, демек үйлөр мамлекеттик керектөөлөр үчүн алып салынган эмес. Жергиликтүү бийлик Интербилим уюмунун официалдуу кайрылуусуна үйлөр жол куруу негизинде бузулбай эле, кызыл сызыкты бошотуу иретинде буздурулган, жарандар өз билемдик менен кызыл сызыка чыгып, мыйзамсыз курулуш жүргүзүшкөн» — деп түшүндүрүштү.

Интербилим уюму май айында сүрдүрүлгөн үйлөрдүн документтерин изилдеп чыгып, алардын 85% бузулган үйлөрдүн укук тастыктоочу жана укук таанычуу документтери бар экенин аныктады. (Госакт жана техпаспорт).

«Интербилим- Ош» уюмунун юристи Амиракулов Алымбек билдиргендей: «Ноокат районунун акими 2022- жылдын 19- апрелиндеги №105-б сандуу, Ноокат районунун аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды бузуп, кызыл сызыкты тартипке келтирүү үчүн бузуу комиссиясын түзүү жөнүндө буйрук чыгарып, аны аткарууну жергиликтүү бийликке жана айыл өкмөттөргө жүктөгөн. Буйрука таянып жергиликтүү бийлик үйлөрдүн сүрдүрүүсүн баштаган. Бирок , бул буйрук Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Жер жана Турак Жай кодексине толугу менен туура келбейт.
Жол боюна курулган турак- жайлар мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, бул нерсени бир гана сот органы аныктайт. Ошол себептен Ноокат районунун жарандары акимдин буйругун жокко чыгаруу үчүн Интербилим уюму менен биргеликте административдик сотко кайрылышкан. Сот доо арызды карап сотко чейинки өндүрүштүк иштери жүргүзүлбөдү деп чечим чыгарды. Бирок, жарандар бул чечимге макул болбой Ош облустук сотуна даттануу менен кайрылышты».

Белгилей кетсек, дагы бир жаран Ноокат шаарынын сүрдүрүү боюнча токтомун жокко чыгарууну суранып сотко кайрылган, бирок Ноокат соту ал жаранга дагы сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлбөгөн деп карабай койгон, жаран чечимге макул болбой областык сотко кайрылган.
Келтирилген зыянды баалоо жана тургундардын мүлкүнүн рыноктук баасын аныктоо үчүн «Интербилим- Ош» тарабынан көз карандысыз баалоочу эксперттер жалданган, жыйынтыгында 11 үй-бүлөнүн чыгымы 16 миллион сомду түзгөн. Болжол менен, ар бир үйдү калыбына келтирүү чыгымы 1-1,5 млн сомго барабар болгон.
Жарандардын документтери толугу менен бар. Жарандар компенсацияны талап кылып сотко кайрылайын десе, мамлекеттик алым 25-40 миң сомду тузуп калат экен, ошол себептен жарандарга сотко кайрылуу оорчулук жаратууда.

Эгерде, Ноокат районундагы 200гө жакын үйлөрдү сүрдүрүүгө кабылган тургундардын бардык чыгымдарын эсепке алса, анда аябай эле чон сумма чыгат деп айтат Интербилим уюму.

Буга чейинки турак жайларды сүрдүрүү процесси Зулпуев, Мирмахмудов айыл өкмөттөрүндө жана Ноокат шаарында башталган. Бирок, Интербилим уюмунун кийлигишүүсүнөн кийин башка 7 айылда сүрдүрүү процесси убактылуу токтотулган.
Интербилим жергиликтүү бийликтин иш аракетине баа берүү боюнча июнь айларында Прокуратурага кайрылган. Тилекке каршы, Прокуратура органы жергиликтүү бийликтин аракетинде мыйзам бузуу аракеттери табылган жок деп жооп берет.

“Биз жарандардын укугун коргоо иретинде жергиликтүү бийлике мыйзам бузуу фактылары боюнча Прокуратура жана сотко кайрылып баштагандан тартып жергиликтүү бийлик жарандардан: “Өз ыктыярым менен үйдү буздум деген” тил кат алуу иретинде басым жасап, кол койдуруп жатышат” – дейт Г. Мамасалиева.

Эми ким чыгымдарды толуктайт?
Бузулган үйлөр кимдин эсебинен калыбына келтирилет?
Эмне үчүн жергиликтүү бийлик өзү берген токтомун коргобойт?
Эмне үчүн кадастр жер үчүн өзү берген кызыл китепти, ал эми Архитектура өзү тастыктаган техпаспортту колдобойт?- деп, Интербилим уюму нааразы.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *