5- август күнү, Жеткиликтүү турак жайга болгон укук боюнча ООНдун атайын баяндамачысы Балакришнан Раджагопал «Турак- жайга болгон укук жана климаттык кризис боюнча коомдук уюмдар менен аймактык консультацияларды» өткөрдү. Бул онлайн жолугушууда «Интербилим- Ош» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гульгакы Мамасалиева, төмөнкүлөргө токтолду:

«Суу ресурстарына бай тоолуу өлкө болгон Кыргыз Республикасы да климаттын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүү зонасында турат. Окумуштуулардын божомолуна ылайык, өлкө 2050-жылга чейин чөлгө айлануусу күтүлүп турат. Мөңгүлөр катастрофалык түрдө эрип жатат. Азыртадан эле Кыргызстандын 600 го жакын айылдарында ичүүчү суунун жетишсиздиги байкалууда. Ошондой эле сугат үчүн суунун жетишсиздиги 43,6% байкалат. Азыртадан эле эмгекке жарамдуу адамдардын, жаштардын жашоо каражаттарынын четтен чыгуусунан улам чоң шаарларга агылып кетиши байкалууда. Бул жарандар шаардагы жакырлардын санын өстүрүп, үй-жайсыздыкты көбөйткөнгө түрткү болууда.»

Бул коомдук консультациялардын максаты — баяндамачынын 2023-жылы Адам укуктары боюнча кеңешке  турак жайга болгон укук жана климаттын өзгөрүшүнө болгон укугу боюнча кезектеги баяндамасына даярдык көрүү үчүн жарандык коом уюмдарынан маалымат жана кеңештерди чогултуу. Атайын баяндамачы жарандык коом менен 3 аймактык консультацияларды жана мамлекеттер, адам укуктары боюнча улуттук институттар, жергиликтүү бийлик органдары ж.б. менен кошумча консультацияларды өткөрөт.

КОНСУЛЬТАЦИЯЛАРДЫН НЕГИЗГИ МАСЕЛЕЛЕРИ:

∙ Жеткиликтүү Турак-жайга болгон укукка климаттык кризис туудурган өзгөчө коркунучтарды чектөө үчүн сиздин өлкөдө кандай чаралар керек?

∙ Өлкөлөр турак жайдын, анын ичинде курулуш секторунун климаттын өзгөрүшүнө салымын кантип чектей алышат?

∙ Өлкөлөр адам укуктарына, климатка туруктуу  турак- жайга өтүүдө кандай кыйынчылыктарга туш болушат?

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *