8-февраль Ош шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин коомдук угуусу болуп өтөт.

Баардык шаар тургундарын жана ЖМК өкүлдөрүн коомдук уктурууга келип катышып кетүүгө чакырабыз!

Быйыл шаар бюджети 1 млрд 600 млн 510,0 миң сомду түзөт, ал өткөн жылга салыштырмалуу  17,9 % ке (242 млн 810,0 миң сомго) көп. 

2022-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн:

— 34,9 % турак жай жана коммуналдык чарба,

— 25,2 % билим берүү тармагы,

— 17,5 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,

— 15,0 % экономикалык маселелер,

— 5,7 % маданият жана спорт тармагы,

— 1,3 % социалдык коргоо тармагы түзүүдө,

— 0,4 % коргонуу тармагы,

Эгерде шаар бюджети боюнча сизди кызыктырган суроо же сунуштар болсо келип катышып кетиңиз!

Коомдук уктуруу мэриянын чоң жыйындар залында, саат 09:30 да башталат. 

Дареги: Ош шаары, Заднепровская көчөсү 4.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *