БШК 8 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды

Аймактык шайлоо комиссиялары 10-январда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөн 8 участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Референдум боюнча Кара-Суу районундагы №5584, Араван районундагы №5493, Нарындагы № 4064, Лейлек районундагы №8004 жана Кадамжай районундагы №8113 жана №8116 участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Ошондой эле, «Клооптун» байкоочулары электрондук ураналарга байланышкан бузууларды аныктаган Оштогу №5901 участкасынын жыйынтыгы дагы таанылган жок.

Президенттик шайлоо боюнча Араван районундагы № 5493, Нарын облусундагы №4037, Лейлек районундагы №8004 жана Кадамжай районундагы №8116 участкаларынын жыйынтыгы жокко чыкты.

«Добуш берүү учурунда, добуш саноодо, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктооодо жыйынтыкты ишенимдүү айтууга жол бербей турган бузуулар болгон», – деп билдиришти БШКдан.

Президенттик шайлоо жана референдум.

Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу системасын тандоо боюнча референдум болуп өткөн.

Алдын -ала жыйынтык боюнча, президенттик шайлоодо Садыр Жапаров атаандаштарынан бир топ алдыга чыккан. Ал эми референдумда шайлоочулардын көпчүлүгү президенттик башкаруу үчүн добуш берген.

«Клооптун» байкоочулары өлкө боюнча 1500 мыйзам бузуу жана окуяларды каттады. Ал эми юристтерибиз 210 УШКда добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда.

2021-жылдын 10-январында өтүп жаткан кезексиз президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кризистин кесепети.

Андан кийин Кыргызстанда бийлик алмашкан, ал эми 5-6-октябрдагы башаламандыктар учурунда колониядан чыккан Садыр Жапаров тарапташтарынын колдоосу аркылуу президенттин м.а. кызматын ээлей баштаган.

Жапаров бийликке келгенден кийин бир катар кадрдык алмашууларды ишке ашырган. УКМКнын башчылыгына үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди дайындаган. Ал эми дагы бир жакын досу Талант Мамытовго Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.

Ошондой эле, Жапаров башкаруу формасын аныктоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү демилгелегендердин бири. 10-январда, добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы боюнча шайлоочулар президенттик башкарууну тандап, президенттик жарышта Садыр Жапаров алдыда экени белгилүү болгон.

Маалымат булагы: https://ky.kloop.asia/2021/01/18/bshk-8-shajloo-uchastkasynda-dobush-ber-n-n-zhyjyntygyn-zhokko-chygardy/

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *