Ош шаарында «Эл аралык кыздар күнү» белгиленди

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында кыздардын эл аралык күнү белгиленди. Аталган иш-чараны “Сулайман-Тоо-2” муниципалдык жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №3 М.В.Ломоносов атындагы гимназия мектеби жана Ош шаардык аялдар кеңеши тарабынан уюшулган.

Бул иш-чаранын максаты кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу жана кыздардын билим алуусун, толук кандуу тамактануусун, медициналык тейлөөнү, коомдук укуктарын жана басынтуу, күч колдонуу, өзүнүн ыктыярсыз турмушка узатуу жана башка маселелерди алдын алууга багытталды.

Эл аралык кыздар күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен 2012-жылдын 11-октябрынан бери белгиленип келет. Майрам дүйнө жүзү боюнча кыздардын укуктарын таанууга негизделген.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *