Баткендеги жабыр тарткан жарандардын муктаждык Онлайн картасы

Бул карта 29 апрелден 1 майда Баткен обласындагы өрттөлгөн үйлөр жана алардын уй булолорунун муктаждыктарын чагылдырган он-лайн карта болуп эсептелет. 

Бул шилтеме аркылуу кирип көрө аласыздар: https://www.google.com/maps/d/u/0/viewer?mid=1qebgtGMmilZ-r5mIPhi-ja7-UbrtOLYC&hl=ru&ll=40.22895357627867%2C72.51919064320377&z=7

Бул он-лайн карта менен Баткенде жабыркагандарга жардам берем деген тараптар колдонсо болот. 

Интерактивдуу карта үч катмардан турат: 

  • 137 Өрттөлгөн үйлөр — үй белгиси менен көрсөтүлгөн 
  • 17 Социалдык объектилер – ишмердуулугуно карата сурот менен белгиленген
  • 65 муктаждык калыбына келтириш к.к болгон документтерге — китепче белгиси менен  көрсөтүлгөн 
  • 9 муктаждык жасалбаган документтер — белгиси менен  көрсөтүлгөн 

Баткендеги жабыр тарткан жарандардын муктаждык он-лайн картасы ыктыярчылар тарабынан иштелип чыкты.

БАШКЫ БЕТ

Шилтеме аркылуу киргенде негизги бетке түшөсүз. Анда үч катмар тең жайгашкан. Эгерде, катмардардын арасынан  бир эле катмар боюнча маалымат алгыныз келсе, компютердин оң чекесинде үч катмардын арасынан белгилөө жолу менен тандап алсаңыз болот: 

Кийинки этапта картадагы үй белгисин бассаңыз, ошол өрттөлгөн үйдүн сүрөтү жана төмөнкү маалыматтар чыгат: 

  • Үй-бүлөдөгү адамдын саны:
  • Аялдар:
  • Эркектер:
  • 18 жашка толо электер: 
  • Мүмкүнчүлүгү чектелгендер: 
  • Калыбына келтирилиши керек болгон документтер:
  • Өрттөлгөн үйдүн аянты: 
  • Калыбына келтирилиши керек болгон документтер: 
  • Өрттөлгөн үй тирикчилик буюмдар; 
  • Тонолгон мал жандыктар: 
  • Биринчи кезектеги муктаждыктар: 

Ал эми картадагы китепче белгисин бассаңыз, анда бул уйдун кандай документтери калыбына келетирилиш керек экенин билсек болот:

Картадагы Х белгисин бассаныз – үйгө болгон документтердин окуяга чейин такыр болбогондугун билдирет.

Үйлөрдүн ээси жөнүндө купуя сырды сакташ үчүн биз телефондорун көрсөткөн эмеспиз жана аты-жөнүн баш тамгалары менен калтырганбыз.

Кийинки этапта бул картага: 

  • жабыркаган бизнес точкаларды
  • тонолгон үйлөр боюнча маалыматтарды киргизсек болот. 

Ал үчүн бизге ыктыярчылар керек болот.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *