Мамлекеттик ипотека: Насыянын жаңы шарты, үйгө муктаждардын санаасы

Мамлекеттик ипотекалык компания өнөктөш банктар аркылуу эки багыт боюнча жеңилдетилген насыя берүүнү жандантты.

Бюджеттик кызматкерлер 4%, башка категориядагы бардык жарандар 8% менен үй ала алат. Анткен менен айрым кызматкерлер аз айлык менен бул программага кошула албай жатканын айтышууда.

Кыргыз улуттук университетинин атын атагысы келбеген мугалими жеңилдетилген ипотекалык насыя алуунун шарттарын билүү үчүн кайрадан «Айыл банкка» келди. Ал буга чейин да айлыгы ипотека алууга жетер-жетпесин эсептетип кеткен. Өткөн жылы ипотекалык насыя алууга кезеги жетпей калган экен.

«Ипотекалык насыялоо 4% түштү дегенде, былтыр октябрда бир келдим эле. Анда бөлүнгөн акча бат эле түгөнүп калды го. Азыр дагы угуп кайра келдим. Насыя алсаң болот деген компаниянын уруксаты бар, бирок банктар баарыбир айлыкты карайт экен. Мен айлыктын 60% банкка төлөп, калган бөлүгүн жашаганга керектейт экем. Ошондо деле мен эсептеткенде 1,6 млн. сомго чейин каражатка үй алыш керек болот. Ал суммага чакан эле батир келбесе, баасы туура келбейт», — деди ал.


Мамлекеттик ипотека компаниясы 21-февралдан тартып «Менин үйүм — 2021-2026» турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик тармактарда иштегендерге 4%) жана “Арзан ипотека” (бардык категориядагы жарандар 8% менен) багыттары боюнча насыяларды каржылоону жандантты. Жарандар ипотекалык насыя алуу үчүн алгач онлайн арыз жазып, аны Мамлекеттик ипотека компаниясынын адистери жактырышы керек. Бул ирет программанын катышуучулары РСК, «Айыл банк» жана «Бакай банк».

20 күндүн ичинде банкка тийиштүү документти тапшырып, ала турган турак жайын издеп табуусу зарыл.

Ипотекалык насыя берүү жараяны башталганы банктарга каттагандардын катары калыңдады.

«Айыл банктын» Бишкектеги филиалынын насыя бөлүмүнүн жетекчиси Бектур Базарбай уулунун билдирүүсүндө, бир күндө жеңилдетилген насыя алуунун жол-жобосун сурап кайрылгандардын саны 300гө жетти. Ал насыя берүүдөгү негизги талаптарга токтолду:

Бектур Базарбай уулу.
Бектур Базарбай уулу.

«Башкы талаптардын бири — ипотека аркылуу сатып алып жаткан мүлктүн бир чарчы метри 60 миң сомдон ашпаш керек, иштеп жаткан жерден 60 чакырым радиустан алыстыкта болбош керек. Батир 80 чарчы метрден, жер там 150дөн ашпаш керек. Азыр каржылоо түргө бөлүнүп калды, 4 жана 8 пайыз. Жогоруда айткан талаптар 4 пайыздыкка, бюджеттик кызматкерлерге тиешелүү. Мындан сырткары 8-10 миң сом айылыкка иштегендер бар. Алардын баарын төлөмгө ала албайбыз. 15-25 жылга эсеп-кысабын жүргүзсөк, алар деле 500-700 миң сом алышы мүмкүн. Бирок ага шаар жергесинде мүлк келбейт».

Аталган компаниянын маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева бул жолу мурдагы мүчүлүштүктөр эске алынып, жаңы шарттар киргенин билдирди. Ошондой эле маянасы азыраак болгондорго альтернативдүү жолдор сунуштала турганын кошумчалады:

«Биздин өнөктөш банктар жарандардын киреше булагын эсептеп көрүп, жашы жете элек балдарга бөлөт дагы, кээде айлыгы аздарга насыя берилбей калат. Мындай учурда банктын чечими менен макул болбогон жарандар апелляциялык түрдө Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылса болот. Биз аларга ипотекалык насыялоонун башка, кошумча жолдорун дагы сунуштай алабыз».

Былтыр декабрда ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылган. Анткен менен айрым кызматкерлерлер аз айлык менен бул программага кошула албай жатканын айтышууда. Улуттук университеттин атын атагысы келбеген мугалими айлыкка үй келбесе дагы жер берүү жагын караштырса жакшы болмок деген оюн ортого салды.

«Булардын өзүнүн талаптары бар экен. Жер там болсо дагы кыштан салынышы керек дегендей. Жер берсе бир жыл эптеп пайдубалын, бир жыл дубалын көтөрсөк, бир жыл чатырын жапсак деле эптеп бүтүрүп алат элек да. Бишкекте жашаганыма 20 жылдай болду. Ошондон бери батирди ижарага алып жашайм. Ошол акча төлөнүп калмак насыя алсак. Кайра эле үйү барлар, кирешеси жеткендер алып жатат. Жалгыз бой энелер ала албай калып жатат. Октябрда деле ошондой болду», — деди мугалим.

Банктын адистери жеңилдетилген насыя тыкыр иликтенгенден кийин берилерин, үй-жайлуулар аны ала албай турганына ишендирип жатышат.

Кыргызстанда үйгө жетпеген жарандардын саны арбын. Дээрлик бардык аймактарда турак жайдын баасы өсүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын турак жайларды каттоо жана анализдөө бөлүмүнүн башкы эксперти Айдар Сукенбаевдин белгилешинче, Ошто турак жайга баа 26% өскөн. Бишкекте көбүнесе жер тамдар жана батирлер сериясына карап 10-15% кымбаттаган.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Гүлкан Молдобекова бюджеттик кызматкерлердин айлыгын ипотека алууга жетээрлик көтөрүү зарылдыгын айтты:

Гүлкан Молдобекова.
Гүлкан Молдобекова.

«Ипотека деген карызга үй алып, айлыктын эсебинен төлөп берүү деген да. Маяналары туура келбей жаткандыктан алар чочулап жатышат. Биз кечээ эле комитетте мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин карадык. Канча кошуларын эч ким так айта албай жатат. Балким 200-500 сом кошулуп калса ипотека ала албайбыз деп чочулап турушат», — деди эл өкүлү.

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Учурда компанияга жеңилдетилген насыя алуу үчүн 31 миңден ашуун адам арыз жазган. Анын 9 миңден ашууну жактырылган. Расмий маалыматка ылайык, программа ишке киргенден бери 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын февраль айынын ортосуна чейин 828 үй-бүлө турак жайлуу болушту. Аларга 1 млрд. 746 млн. сом жеңилдетилген насыя берилди.

Коммерциялык банктарда ипотекалык насыянын үстөгү 17-18% түзөт.

Макала «Азаттык» маалымат сайтынан көчүрүлгөн.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *