Ош шаарында селсаяктардын саны 56дан 70ке чейин өзгөрүп турарын билдиңиз беле?

Ош шаарында селсаяктардын саны 56дан 70ке чейин өзгөрүп турарын билдиңиз беле?
«Мусаада» коомдук уюмунун башпаанеги алар үчүн бирден-бир баш калкалоочу жай.
Турак жайдын жеткиликтүүлүгү боюнча изилдөө ишибиздин алкагында, маектешүүчүлөр менен биргеликте, биз ушул баш калкалоочу жайга барып келдик.

«Мусаада» коомдук бирикмесинин алдында түзүлгөн баш калкалоочу жай Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте ачылган. Бул баш калкалоочу жай 15 кишиге ылайыкталган. Бул жерде адамдар баш калкалап, күнүнө бир жолу толук тамактанып, жуунуп, медициналык кароодон өтө алышат. Шаардык бюджеттен анча-мынча акча бөлүнп, ага тамак-аш алынат. Аталган мекеменин кызматкерлеринин айтымында, баш калкалоочу жай иштеп турган мезгилдин ичинде 10 гана аял киши, калгандары эркек кишилер болгон. Быйылкы кышта баш калкалоочу жайдын жашоочуларынын жашоо сапатын жакшыртууну каалагандар үчүн өзүн-өзү өнүктүрүү сессиялары өткөрүлгөн. Карантин учурунда баш калкалоочу жайда 50гө жакын адам жашаган, бул нормадан 3 эсе көп. Бул баш калкалоочу жай кыш мезгилинде гана иштейт. Жылдын калган мезгилиндеринде үй-жайсыз адамдар кантип жашашат? Бул суроонун жообун азырынча эч ким билбейт.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *