Ош шаарында таштанды сорттоочу контейнерлер менен тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн стационардык аянтчалардын долбоору ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

“Ош-Тазалык” ишканасы калаага 17-августта пилоттук негизде тиричилик таштандыларын бөлүп сорттоочу контейнерлерди койду. Бул стационардык аянтча Араван кичи районундагы Г. Айтиев көчөсүндөгү №11, №13 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулган.
«Мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Бул пилоттук долбоордун алкагында турмуш-тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды уруксатсыз чыгарууну көзөмөлдөө үчүн стационардык жерде диспетчер туруктуу жайгашат» — деп айтылат маалыматта.

Алдыда 10го жакын мындай стационардык участокторду орнотуу пландаштырылып жатат. Бул долбоор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга багытталат.
2012-жылы Ош шаарындагы «Орхус» экологиялык борбору калаада таштандыларды бөлүп таштоо боюнча бул өңдүү пилоттук долбоор аткарып көргөн. Анда сегиз аянтчага 54 таштанды үкөктөрү орнотулуп — ар бир короодо макулатура, айнек, металл үчүн өзүнчө, полиэтилен, пластмассага башка жана тамак-аш калдыктары үчүн өзүнчө үкөктөр коюлган.

Жашоочуларга таштандыны үйдөн иргеп алып чыгуу үчүн үчтөн челек берилген. Бирок шаарда таштанды ташыган унаалар өз-өзүнчө бөлүнгөн таштандыларды чогуу салып эле жүктөп кетип, полигонго ошол бойдон төккөндүктөн долбоор ишке ашкан эмес.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *