Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндөгү үйлөр бузулуп жатат.

Жашоочулар эшик-терезелерин чыгарып, имаратты бошоткон. Анын ордуна 6 кабаттуу үйдүн салынышы болжолдонууда. Бирок аталган жер Сулайман-Тоонун буфердик зонасына кирет. 

Авариялык үйдүн жашоочулары «Жеңиш-Строй» компаниясы менен сүйлөшүшкөн. Аларга эски үйүнүн ордуна, жаңы үй берүү макулдашылган. Компаниянын директору Абдумиталип Айдаров 6 кабат турак жай куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтат.

«Азырынча төрт кабат деп пландалып жатат. Дагы эки этаж боюнча сүйлөшүлөр жүрүп жатат. Чечилип калса 6 кабат үй курулат. Нормаларды сактап курулуш жүргүзөбүз», — дейт Абдумиталип Айдаров.

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун милдетин убактылуу аткарып жаткан Хайрулла Ибайдуллаев, буга чейин курулуш компания менен сүйлөшүү болгонун билдирди. 

«Үй курула берсин. Каршылыгыбыз жок. Бирок, биздин жергиликтүү, эл аралык эксперттердин изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Сулайман-Тоо чыгыштан, батыштан, түндүктөн шаардын символу катары көрүнүп турушу керек. Ошол сунуштарды ЮНЕСКО бекиткен. Биз ошол эрежелерди сакташыбыз керек», — Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун убактылуу аткаруучусу дейт Хайрулла Ибайдуллаев.

Буфердик зонага 4 кабаттан бийик имарат курууга мүмкүн эмес. Бирок буфердик аймакка салынган 3 көп кабаттуу үй бар. Анын бири «Эмаком» курулуш компаниясынын үйү. Анын мыйзамсыз экендиги буга чейин бир канча жолу айтылган. Бирок, жарандар анын ичине кирип жашап жатышат. Жарандык активисттер компаниялар үйдү салууда тийиштүү тараптарга акча берип, же сүйлөшүүлөр аркылуу жумуш кыла беришерин айтышат.

Сулайман-Тоонун 134,7 гектар корук аймагы бар. Андан сырткары буфердик зонага 5 миң гектар жер кирип, чыгыштан Ак-Буура дарыясы, түштүктөн Абдыкадыров көчөсү, түндүк-батыш тарабынан Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү кошулган.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *