Турак жай укуктарынын ишке ашырылуусун көзөмөлдөгөн 5 айлык иш аракеттерибиз жыйынтыкталды

«Кыргызстандын чек арага жакын аймактарындагы ички жер которгондордун турак жай жана менчик укуктарын коргоо жана колдоо» боюнча долбоорубуз аяктады. Жемиштүү жыйынтыктар менен бөлүшүп, Баткен шаарында тегерек стол өткөрдүк.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим: чек арада жабыр тарткандарга 84 миллион 400 миң сом мүлк зыяны 1-мартка чейин төлөнөт деп буга чейин айткан болчу, бирок ага карабай чек тургундар тынчсызданууларын тегерек столдо айтып өтүштү.

Тегерек стол учурунда тургундар компенсация суммасы менен жоготкон чыгымында айырма бар экендигин, калыбына келтирилген үйлөрдүн сапаты талапка ылайык эместигин айтып өтүштү. 

Губернатор мүлк зыяны Жарандык коргонуу АКТысында көрсөтүлгөн суммага барабар болуп, жарандардын банк эсебине которуларын билдирген болчу. Бирок ага карабай тургундар райондук администрацияга келгенде зыяндын суммасын жарялабай, ал боюнча акттын көчүрмөсүн да бербей жаткандарына тынчсызданышууда. 

Андан тышкары, 81 үй-бүлөдө калыбына келтирилген үйлөрдө эскисине салыштырмалуу аянтында айырмасы бар, турак жайдын чарчы метри үчүн компенсация төлөтбү деген суроого губернатор ар бир иш жеке карала турганын айтты.

Тегерек стол максаты: 5 айлык чек арадагы жарандардын турак жай жана менчик укуктарын коргоо жана колдоо жыйынтыктарын жарыялоо болгон. 

Интербилим беш ай ичинде жазаган иштер жыйынтыктары:

  1. ЮрБот — юридикалык консультация берүүчү виртуалдык юристи иштеп чыгарылды: https://t.me/interbilimyurbot?fbclid=IwAR3acm1UBOQYVywJjndrfczUDe87T7hDfcRb1-RcAdmMNIvTXMIe2XYcMu8  
  2. 4 юрист жабыркагандарга өкмөттүн жогрку органдарына кайрылууга юридикалык кеп-кеңештерди жана колдоо көрсөтүп жатышты.
  3. Жабыркагандардын арасынан 25 жергиликтүү активист даярдалып, калктын негизги көйгөйөрүн чечим кабыл алуучу таратптарга жеткирип жатышты. 

Интербилим тегерек столду Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана Сорос Кыргызстан Фондунун биргелешип каржылоосу менен «Кыргызстандын чек арага жакын аймактарындагы ички жер которгондордун турак жай жана менчик укуктарын коргоо жана колдоо» долбоору алкагында уюштурган.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *