Ош шаарында Ак-Буура жээгинде жолдор кеңейтилип, реконструкция иштери башталды. Жээктин жанында жашаган бир нече жарандар үйлөрдү бузуу жөнүндө билдирүү алышкан. Мындай учурларда дүрбөлөңгө түшпөстөн, биринчи кезекте эмне кылуу керек?

?Интербилим-Ош коомдук бирикмеси мындай учурларда жарандар кантип турак дай мүлкүн коргоо боюнча пайдалуу материал даярдады. Аягына чейин окуп, суроолоруңуздар болсо комментарий калтырыңыздар, биздин юрист-адвокаттарыбыз жооп берет. 1. Расмий документтерди талап кылуу
?Үйдү бузуу жөнүндө чечимди курулушчу чыгарбайт. Эгерде сизге курулуш компаниясынын өкүлдөрү кайрылышкан болсо, анда сиз бардык документтерди көрсөтпөөгө жана аны менен сүйлөшпөөгө акыңыз бар.
? Алгач, өзүңүз жашаган жердеги администрациянын башчысынан расмий чечимин сураңыз. Мисалы, Ош шаарынын мэри, эгер сиз шаарда жашасаңыз. Бузулган үйдүн ордуна эмне куруларын сизге администрациянын өкүлдөрү түшүндүрүшү керек.
?Администрация башчысынын чечиминин көчүрмөсү үйдүн ар бир ээсине кол менен тапшырылышы керек, эгерде жеке менчик имарат жөнүндө сөз болуп жатса, же сиз көп кабаттуу үйдө жашасаңыз.2. Эмне күтсө болот?
?Биринчи кезекте, компенсация күтүү керек. Үйүңүз мамлекеттик муктаждыктар үчүн бузулса, же жер тилкесиңизди алып коюшса да, алар кандай гана болбосун компенсация чыгарып бериши керек. Компенсация акча түрүндө же бузулуп жаткан аймакка ылайык кыймылсыз мүлк түрүндө болушу мүмкүн.3. Эгерде сиз мүлкүңүздү баалаган баага макул болбосоңуз
?Компенсациянын варианттарын сунуштаардан мурун, бийликтен бузулган үйгө көз карандысыз эксперттер тарабынан баа берилиши керек.
?Эгерде сиз баа менен макул болбосоңуз, анда сот жыйынтыгына каршы чыгууга укуктуусуз. Үйдү бузгандыгы үчүн компенсациянын өлчөмүн аймактык сот аркылуу токтоосуз талашкан оң. Бул үчүн сиз адвокатка же юристтерге кайрылышыңыз керек, ал доо арызын түзүүгө, сотко бардык далилдерди чогултууга жана берүүгө жардам берет. Доо арызды жекече гана берүүгө болот.
?Мындай учурда, сиз Интербилим-Ош коомдук бирикмесине кайрылсаңыз болот, сизге юридикалык жардам көрсөтүлөт.4. Кошуналарың эми сенин командаң болуп калды. Биргеликте иш алып баруу керек
?Турак жайды баалоо жана үйдү бузуу учурунда келип чыккан көйгөйлөрдү кошуналарыңыз менен сүйлөшүү аркылуу гана чече аласыз.
?Шаардык мэриянын өкүлдөрүн, депутатты чакырып, көйгөйлөрүңүздү алар менен талкуулай аласыз. Бул үчүн эч кандай уруксат талап кылынбайт. Көп ызы-чуу кылуунун пайдасы жок. Андан көрө, массалык маалымат каражаттары аркылуу да коомчулуктун көңүлүн буруу жакшы.❕

Эң негизгисин унутпаңыз: эч ким сизди өз үйүңүздөн себепсиз чыгарып салууга укугу жок, бул сиздин конституциялык укугуңуз.

#ИнтербилимОш
#soroskg

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *