Германиядан алынган карыз кайтарылбай, ипотекалык долбоорго салына турган болду

Кыргызстан Германиядан алган 14,9 миллион евролук карызын кайтарбай, ал каражатты ипотекалык турак жай долбооруна сала турган болду.

Бул тууралуу “Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы” макулдашуусуна кол коюлганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 24-январда Фейсбукка жазды.

Макулдашууга Министрлер Кабинети менен KFW германиялык өнүктүрүү банкы 2022-жылдын май айында кол коюшкан.

“Бүгүнкү күндө 4,966 млн. евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар “Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы” макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат”, — деп жазган Султанбаев.

Билдирүүдө президент Садыр Жапаров бул программаны ишке ашырууда Германиянын канцлери Олаф Шольцко ыраазычылык билдиргени айтылат.

Султанбаевдин билдиришинче, бардык аймактарда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандарга жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылып жатат. Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичи район курулат.

Султанбаев мурда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жыл сайын 1,3 млрд. сомго 1080 батир берилип келсе, соңку бир жарым жылда «Менин үйүм 2021-2026» программасы менен 6,2 млрд. сомдон ашык суммага 2536 батир берилгенин жазган.

Расмий маалыматка ылайык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2015-жылдан бери 8 миңдей киши турак жай үчүн ипотекалык насыя алган. 2022-жылдын эсебинде үй алууну каалаган дагы 15 миңдей адам арыз тапшырган. Алардын теңинин арызы банктардын кароосунда кезекте турганы маалымдалган.

Президент Садыр Жапаров 8-январда Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна биргелешип «жашыл» долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган.

https://www.azattyk.org/a/32238478.html
Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *