Интербилим коомдук уюмунун Оштогу филиалы «Жеткиликтүү турак-жай адамдын негизги укугу. 2-фаза» проекттин баштады.

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын бардык жарандарына тийиштүү турак- жайга болгон укуктарын коргоого жардам берет.

☑️Долбоордун максаты- мыйзамдарды өркүндөтүү жана жарандык коомду активдештирүү аркылуу жеткиликтүү турак- жайга болгон укукту илгерилетүү болуп саналат.

Интербилим бул долбоордун алкагында:
• Баткен облусундагы жаңжалда жабыркагандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтөт;
• Турак- жайга болгон укуктарын коргоого жана турак жайынан ажырап калгандар үчүн компенсация талап кылууга жардам берет;
• Жарандарды улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги турак- жайга байланыштуу чечимдерди кабыл алуу процессине тартууга көмөктөшөт;

Биз социалдык турак-жай жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жана турак-жайды мажбурлап көчүрүүнүн алдын алууга катышабыз, жарандардын турак- жайга болгон укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзөбүз.
Жеткиликтүү турак- жай – бул төрт дубал жана чатыр гана эмес, бул коопсуздукта, тынчтыкта жана кадыр-барктуу жерде жашоо укугу.

⏳Ишке ашыруу мөөнөтү: 2022-жылдын 1-сентябрынан — 2023-жылдын 31-декабрына чейин

Долбоор Сорос-Кыргызстан Фондунун каржылык колдоосу менен
Интербилим коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы тарабынан ишке ашырылууда.

#жеткиликтүүтуракжай
#правонадостаточноежилище
#интербилимош

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *