“Каганат Инвест” холдинги чек арада жабыркагандарга 20 үй куруп берет


Жаңжалда талкаланган үйлөрдүн бири.

Жаңжалда талкаланган үйлөрдүн бири.

«Каганат Инвест» холдинги чек арадагы калабада турак-жайы күйгөн кыргызстандыктарга 20 үй куруп берет. Аталган компаниядан маалымдашкандай, 1-май күнү холдинг негиздөөчүсү Нурбек Осмонов ушундай чечим кабыл алды.

28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алды. Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти.

Ал эми тажик тараптан 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын «Азаттыктын» тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгаруу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген. Жаңжалда өрттөлгөн, талкаланган турак жайларды кыргыз өкмөтү өзү калыбына келтирерин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. (SE)

источник: azattyk.org

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *