Кембир-Абад суу сактагычы. Жергиликтүүлөр боз үй тигип, Ташиевдин келишин күтүп жатат

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ынтымак айылынын 100дөй тургуну Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде кыргыз үй тигип, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин келүүсүн талап кылып жатышат. Жергиликтүү эл суу сактагычтын аймагынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы.

*УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөн районунда тургундар менен жолугушуу учурунда Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинанын башынан 50 гектар жер Өзбекстанга берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айткан.

Тургундардын айтымында, алар Кемпир-Абаддын жээгинде беш күндөн бери күнү-түнү турушат. «Клооптун» кабарчылары жерине барып, тургундар менен жолугушту. Алар Кемпир-Абадга Ташиев жана Жогорку Кеңештип депутаттары келип, элдин талабын угушу керек деп эсептешет.

«Кыскасы Ташиев өзү келип элдин көйгөйүн өз көзү менен көрүшү керек. Баткенди тынчытып, эми Кара-Суу районун калбага салып коюп кетти. Жерибизди бербейбиз, кашык каныбыз калганча күрөшөбүз. Элди ойлогон президент келди деп жатсак, келбей жатып жерлерди сатып жатат. Мурдагы президенттер кен байлыктарды сатса, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров жерлерди сатып жатат», — деп кейиди Ынтымак айылынын тургуну Кыял Эргешбаева.

Ынтымак айылынын дагы бир тургуну Өзбекстанга берилет деп айтылган аймактын стратиегиялык мааниси зор экенин белгилеп, плотинанын бир учу Өзбекстанга өтпөйт деди.

«Бул жерди бийлик берсе да эл бербейт! Эгер берилсе, анда берген адамдарын кошуп өткөрүп берели […] Аны менен кошо кыргыздын калпагын берсин, желекти, боз үйдү кошо берсин […] Урпактарды да ойлош керек да», — деп нааразы болду тургундардын бири.

«Зым менен тосууга жол берген жокпуз»

Бир күн мурун чогулгандар менен жолгушууга Бишкектен делегация, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Капар Адиев, райондук архитектура кызматынан өкүлдөр келишкен. Анткен менен тургундар маселе тууралуу эч кандай алгылыктуу жооп ала алышкан эмес.

Тургундардын айтымында, бийлик өкүлдөрү Өзбекстандын делегациясы менен жолугууну жана берилчү жерди аныктоону каалашкан. Бирок эл өзбек тараптын чек араны зым менен тосуусуна каршылык көрсөткөн.

«Өзбек тараптын делегациясы плотина менен келди, биздин делегация болсо Ынтымак айылы менен келди. Анан өзбек тарап беймарал тосо турган зымдарын алып, өлчөй баштады. Биз ага жол берген жокпуз. Анан келген кишилерге “эмнеге биз менен жолугушпай бул жака келдинер” десек, силерди “Ошко кетишти” деп айтышты дейт. Биз эч жакка кеткен жокпуз!» — дейт тургун.

*Буга чейин 3-апрелде Кара-Суу райондук администрациянын бөлүм башчысы Деңиз Назаралиев 50 гектар жердин чекиттердин аныктоодо тургундардын да пикири эске алынат деп ишендирген. Чекиттер жергиликтүү тургундарга көрсөтүлүп анан белгиленет деп айткан.

Ал эми Абдисалам Жаабаев Ынтымак айылынын жашоочулары үч күн мурун Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов менен жолугушканын айтты. Абдураимов алардын үнүн бийликке жеткире тургандыгын жана маселени үч күн ичинде чече тургандыгын убадалаган.

«Азыр эгин-тегин кыла турган убак, бирок биз ушул жерден кетпей, жерибизди алдырбайбыз, бербейбиз деп турабыз. Булар [өзбек тарап — ред.] күндөн-күнгө өтүп келе жатат. Таш көп бул жерде, таш түгөнгүчө жерди бербей салгылашабыз. Биз өзбек тараптын Шаркан-Сайдан бул тарапка өтпөөсүн эле каалайбыз», — деп кейиди Жаабаев.

Ташиевдин Өзбекстанга болгон сапары

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан кийин 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда жергиликтүүлөр менен жолугушкан. Анда ал Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 100 гектар жерди сураганын айтып, бирок Кыргызстан 50 гектарын берүүгө макулдашылганын билдирген.

Мындан сыткары, Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга өткөнүн белгилеген. Ал бул чечимди туура деп айтып, суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды суу каптабай калат деген.

Суу сактагыч маселеси боюнча Ташиев мындан кийин маселе жаралбайт деп ишендирген. Сууну жергиликтүү калк пайдалана алат деп айткан.

«Суунун башы Салам-Аликте турат. Макулдашуу эми мындай болот, “суу сактагычка кирбейсин” деп балык туттурбай таза кыйначу эле. Эми андай болбойт. Жээктерде жашаган элдерге суудан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар, мал сугарса болот, балык тутуп, насос менен суу тартып алып эгин сугарса болот. Кашаа да тартылбайт», — деген Ташиев.

Булак: https://ky.kloop.asia/2021/04/16/kembir-abad-suu-saktagychy-zhergilikt-l-r-boz-j-tigip-tashievdin-kelishin-k-t-p-zhatat/

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *