Ош: Ишкер менен отуз үй-бүлөнүн жер талашы

Ош шаарында 30дан ашуун үй-бүлө көчөдө калуу коркунучунда турат. Алардын үй-жайы турган жерди 1998-жылы Мамлекеттик мүлк фондунан Нуркул Шырдаков аттуу ишкер сатып алган. Жалпы аянты 2,4 гектар жерди кайтарып алуу үчүн ишкер тургундарды сотко берген.

Өзүн ишкер катары тааныштырган Нуркул Шырдаков Ош шаарынын Шейит-Төбө аймагындагы 2,4 гектар жерди 1998-жылы аукцион аркылуу 353 000 сомго сатып алганын айтты. Ал Мамлекеттик мүлк фондунун менчигиндеги жер эки ирет сатыкка чыгып, эч ким албагандыктан үчүнчү аукциондо сатып алганын билдирди.

Нуркул Шырдаков.
Нуркул Шырдаков.

«Насыя алгам, үйдү, жерди, атамдын малын, машинемди саткам. Ошол маалда 360-380 миң сомго 38 үй келчү. Азыр 38 үйдү 40 миң доллардан сатсаң 2 миллион доллар болот. Булар “жерлерди бекер эле алыптыр” деп айтып жатышат. Үйдүн баасы 10 миң сом болуп жатканда өкмөт бекер бербейт да».

Талашка түшкөн жердеги үйлөрдүн биринде жашаган Рустам Зайдинов буга чейин жер тууралуу бир да жолу маселе көтөрүлбөгөнүн айтты.

Ал өзүнө тиешелүү жерге Мамлекеттик каттоо кызматынан Кызыл китеп алган. 2010-жылы июндагы каргашалуу окуяда документ өрттөнүп кетип, кийин аны кайра калыбына келтиргенин айтты.

Рустам Зайдинов.
Рустам Зайдинов.

«Мэриядан, Мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан келип текшеришкен. Архивден документтерибизди калыбына келтирип, өрттөнгөн үйүбүздү кайра куруп беришкен. Болбосо ошол маалда “Силер кайдан келдиңер? Бул жерде мыйзамсыз отурган экенсиңер” демек да».

Ишкер менен жарандардын жер талашы 2018-жылдан бери созулуп келет.

“Интербилим” бейөкмөт уюмунун Ош филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева соттук иштерде бир катар документтер каралбай калып жатканын айтты. 1998-жылы мэриянын токтому чыгып, бирок ал учурунда иштеген эмес дейт. Мамасалиева ишкер Нуркул Шырдаковдун наамына чыккан токтом эч жерде катталбай калганына токтолду.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүльгакы Мамасалиева.

«Системалык каттоо 2000-жылы кирген. Бул токтомду ошол кезде каттаган эмес. Биринчи жолу системалуу каттоо өткөндө Шырдаков токтомду каттатпай кайда жүргөн? 2010-жылы эмне үчүн “бул жер меники” деп чыккан эмес? Адамдар үй куруп коргондоп алгандан кийин 2018-жылы “ойгоно” калды. Мага ушул жери таңкалычтуу».

Ош шаарынын Шейит-Төбө аймагындагы 2,4 гектар жерде 33 үй-бүлөнүн тамы менен кошо коммерциялык имараттар жайгашкан. Ишкер Нуркул Шырдаков соттошуп жүрүп, андагы төрт конуштун жерин Жогорку соттон утуп чыккан. Ишкер ар бир үй-бүлөнү өз-өзүнчө сотко берип жаткан экен. Ишкердин адвокаты Төлөгөн Маматов үй ээлери сотту бурмалоо менен чечим чыгарткан жагдайларды айтып берди.

«Сотту бурмалоо, адаштыруу жолу менен чечим чыгартып жатышат. “Бул турак жай меники атамдан, энемден калган” деп жалпысынан онго жакын чечим чыгартышкан. Мындан сырткары “бирөөдөн сатып алган учурда өткөрбөй калыпмын, мурастап алгам” деп да соттон чечимдерди чыгартышкан».

Ош шаарынын курулуш тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэр Жасур Азимов жарандар бул маселе боюнча кайрылганын, бирок кагаз түрүндө арыз жазышпаганын айтты. Эгер кагаз түрүндө кайрылуу болсо, бардык мамлекеттик органдар менен биргеликте жардам болот деп ишендирди.

Жасур Азимов.
Жасур Азимов.

«Сотко кайрылардан мурда мага келип же мэрияга арыз жазып “тактап бергиле” дешсе, биз да архитектура, Мамлекеттик каттоо кызматы менен чогуу бармакпыз. Азыр деле кеч эмес, келип арыз жазышса, бардык мамлекеттик кызматты чогултуп, ошол жарандарга жардам беребиз».

Ишкер менен жарандардын жер талашы 2018-жылдан бери созулуп келет. Жердин мыйзамдуу ээсимин деп ырастаган Нуркул Шырдаков жерге документ жасаган бир катар мамлекеттик кызматтардын үстүнөн да укук коргоо органдарына кайрылган. Ал жерди кайтарып алса, инвестор таап, ири соода борборун кура турганын айтты.

Ушул тушта Ош шаарынын Башкы планы даярдалууда. Ал деталдуу пландоо этабына келип калган. Эгер ал толук иштелип бүтсө, шаардагы башаламан курулуштарга уруксат берилбей, иретке келери буга чейин айтылган болчу.

Автор: Маратбек Акимбек уулу
Маалымат булагы: https://www.azattyk.org/a/osh-ishker-jer-talash-ui-bulo/31052355.html

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *