Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджетик угууcу
Бүгүн, 23-январда Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджетик угуусу болуп өттү. Бюджеттик угууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Интербилим коомдук бирикмесинин жетекчиси Гульгакы Мамасалиева, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана шаардын тургундары катышты.
![](https://www.interbilimosh.kg/wp-content/uploads/2020/01/IMG_2311-1-1024x683.jpg)
2020-жылы бюджеттин кирешеси 2019-жылга салыштырмалуу 194 млн 979 миң сомго көбөйгөн. Ошондо, 2020-жылдагы бюджеттин жалпы суммасы 1 млрд 322 млн 613 миң сомду түзгөндүгү туралуу шаардык бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Акбарали Батыров билдирди.
![](https://www.interbilimosh.kg/wp-content/uploads/2020/01/IMG_2307-1024x683.jpg)
Коомдук угууда быйылкы жылы бюджетке киргизилүүчү иштердин аткарылышы туралуу маалыматтар айтылып, шаар тургундары тарабынан оозеки жана жазуу түрүндө сунуш пикирлер, суроолор берилди. Кагаз түрүндө келген суроо, сунуш-пикирлер Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында каралаары айтылды.
Свежие комментарии