Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы муниципалдык жерлердин бирдиктүү базасы түзүлөт

«Интербилим» коомдук уюму Ош жана Жалал-Абад мэриясы менен бирге калаадагы муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо жана санариптештирүү боюнча долбоорду ишке ашырууда.

Долбоордун алкагында ар бир жер тилкеси тууралуу маалымат электрондук базага киргизилип атайын сайт түлүзөт. Ал эми андагы маалымат коомчулукка жеткиликтүү болот.

Уюмдун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева санариптештирүү коррупцияны токтотууга өбөлгө түзөөрүн айтат. Анткени компьютер адамды улуту, жаш курагы, социалдык абалы боюнча бөлбөйт. Ошондой эле мамлекеттик кызматкер менен жарандар мурдагыдай түз байланышпай калышат.

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматовдун айтымында, калаадагы жерлерди тактоо үчүн «Инфаком» мамлекеттик ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аларга техникалык тапшырма берилген.

« “Инфаком” буга чейин Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарын инвентаризация кылышкан экен. Биз болсо алардан айырмаланып, майда-чүйдөсүнө чейин электрондук түрдө кылалы деп жатабыз. Мисалы: арыздардын кабыл алынуусу, ижарага берилүүсү, ижаранын мөөнөтүнүн бүтүүсү, аукционго коюлуусу жана башкалардын баары интернет аркылуу жүргүзүлсүн деп жатабыз. Ал үчүн убакыт керек», — деди Пирматов.

Пирматов шаарга караштуу жерлердин инвентаризациясын эки айдын ичинде ишке ашыруу каралганын белгиледи.

Бууга чейин Оштогу муниципалдык жерлер ижарага берилген убакта же сатыкка коюлганда маалымат «Ош шамы» гезитине гана жарыяланып турчу. Мындан улам ишкерлер жана тургундар аукцион ачык өтпөгөнүнө, ал тууралуу маалымат жаап-жашырылаарын айтып нааразычылык билдирип келишкен.

«Мезгилге жараша гезиттерди да адамдар анча окушпай калбадыбы. Ошондуктан чындыгында иш анча болгон эмес. Ош шаары аябай чоң болгондуктан, мен деле шаар куруу башкармалыгынын башчысы болсом да жерлер тууралуу толук маалымат билбешим мүмкүн. Ал эми санариптештирип алсак жарандарга да, бизге да бир топ жакшы болмок», — деп түшүндүрдү Пирматов.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Майрамбек Адылбеков муниципалдык жерлердин электрондук базасын түзүү үчүн техникалык тапшырма берилгенин, бирок бул иши коронавируска байланыштуу убактылуу токтоп турарын кошумчалады.

Муниципалдык жерлер боюнча маалымат алуудагы кыйынчылыктар

Журналист Гүлзат Газиева Ош шаарынын аймагындагы бош турган жер тилкелердин жана объектилердин тизмесин, жайгашкан даректерин муниципалдык менчик башкармалыгынан билүүгө мүмкүн эместиги тууралуу иликтөө жасаган.

Газиеванын айтымында, калаанын муниципалдык менчигинде жалпы аянты 2 млн 316 миӊ 237 чарчы метр жер тилкеси бар. Бирок, ошол жер тилкелердин канчасы кандай шартта пайдаланылып жатканы, кимге канча мөөнөткө ижарага берилгени, объектилердин бааланган наркы жана башка маалыматтар коомчулук үчүн жабык.

Ал эми мыйзамда «мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестринин мазмуну жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтѳѳ үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш» деп айтылат.

Источник: https://ky.kloop.asia/2020/06/29/osh-zhana-zhalal-abad-shaarlaryndagy-munitsipaldyk-zherlerdin-birdikt-bazasy-t-z-l-t/

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *