Ошто 33 үйдүн жери талашта. Сот кимдин пайдасына чечет?

26-январда Ош облустук сотунда нааразылык акциясы өттү. Анда чогулгандар Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагындагы талашка түшкөн 33 үйдүн тагдыры боюнча соттон адилеттүү чечим талап кылышууда. Нааразы тараптын белгилешинче, соттор алардан эки жарым гектарга жакын жерди талашып жаткан ишкердин пайдасына чечип жатат.

Ишкер менен 33 үй-бүлөнүн жер талашы

Ош облустук сотунун алдында 30га жакын адам түрдүү плакаттарды көтөрүп нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандардын белгилешинче, Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагында 33 үйдүн жайгашкан 2,4 гектар жери талашка түшүп, сот чечимди ишкер Нуркул Шырдаковдун пайдасына чечип жатат.

«Соттор адилеттүү чечим чыгарбай жатат. Бирибизди да чыгарып сөз берген жок. Жөн гана чечимди угуп чыгып кетип атабыз. Чечим Шырдаковдун пайдасына гана чыгууда. Өздөрү гана чечип атат. Ошондон улам бардык жашоочулар нааразы болуп келдик», -дейт Ленин 442 үйүнүн жашоочусу Мамлакат Бабарахимова.

Нааразы тараптын билдиришине караганда, ишкер талашып жаткан жердеги үйлөрдүн баарынын кызыл китеби бар. Алар үйлөрү жайгашкан жер бирөөнүн менчигине сатылып кеткенин 2018-жылы ишкер сотко бергенде гана билишкен. Бирок 1998-жылы сатылган жерди 20 жыл дегенде талашып жатканына түшүнүшпөйт.

«22 жыл болгон документин калыбына келтиргени атат. Таң калганыбыз, эмнеге 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин уктап атты? Үйлөрүбүз менен кошо күйүп кеткен кызыл китептерди кайрадан жасаттык. Эч нерсе дебеген да. Биз аны ар күнү көрөбүз, ошол жерде базарком. Эми 22 жыл өткөндө 98-жылдагы документи менен биздин үйлөрдү бошот деп атат», -дейт Ленин 442 үйүнүн жашоочусу Иминжан Абдылдаев.

Ишкер ар бир үй-бүлөнү өз-өзүнчө сотко берип, 2018-жылдан бери төрт үйдүн жерин Жогорку соттон утуп чыккан. Чечим жалаң гана ишкердин пайдасына чыгып жатканына нааразы болгон тарап облустук сотто эки жараян белгиленгенин утурлап акцияга чыгышкан. Бирок анын бири каралбай калды, экинчиси да 9-февралга калтырылды.

Жашоочуларга укуктук жактан колдоо көрсөткөн “Интербилим” уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гулгаакы Мамасалиева мэриянын Нуркул Шырдаковдун атына чыгарган токтому эч жерде катталбай калганын, анан да ал ээлик кылган 65 сотых аянт кийин 2,4 гектарга кеңейип кеткенин айтты.

«Ал дагы документ жасатып алган, анын документи да мыйзамдуу. Бирок токтому Мамлекеттик каттоо кызматына катталган эмес, кызыл китеби жок. Өзү Нуркуловдун документи 6500 чарчы метрге гана берилген болчу да.Азыр эми аны 2,5 гектарга көбөйтүп алды», -дейт Мамасалиева.

Ишкердин жүйөөсү

Ал эми өзүн ишкер катары тааныштырган Нуркул Шырдаков сөз болуп жаткан 2,4 гектар жерди 1998-жылы мамлекеттик мүлк фондунан аукцион аркылуу сатып алганын айтат. Анын белгилешинче, ал жер универмаг үчүн сатылып, андагы 23 үйдүн жашоочуларына жергиликтүү бийлик тарабынан жер тилке берилип, кенемте да төлөнгөн. Эмне үчүн 2,4 гектар жер 65 сотых деп айтылып жатканын ишкер мындайча түшүндүрөт.

«6500 сотых жерди гана сатып алган, андан ашыкчасын алган эмес дегендерге жооп берейин. 2,4 гектар жерге чоң универмаг түшүшү керек эле. Генплан боюнча ички аянты 6,5 гектар болгон универмаг түшүшү керек болчу. Конкурста мен жалгыз болдум, эч ким катышкан жок. Аукцион болбой эле мени жеңүүчү деп таап, 360 миң сомго документтери менен кошо сатып алдым».

Жерди 353 миң 100 сомго сатып алганын кошумчалаган ишкер жашоочуларга мындан 20 жыл мурда барып эскерткенин да билдирди. Буга чейин ал жерге ишкер ири соода борбор кура турганын кабарлаган. Белгилей кетсек, жашоочулар менен ишкердин жер талашы 2018-жылдан бери созулуп келет.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *