2022 жылдын 31 мартында ОО «МЦ Интербилим» Президентке, Жогорку Кеңешке, Акыйкатчыга, Министрлер Кабинетине Баткен облусундагы жаны курулган уйлордун сапаты боюнча кат жонотту. Кат менен таанышуу

Өзүнүздөргө маалым болгондой, 2021-жылдын май айынан баштап эле «Интербилим» укук коргоо коомдук бирикмеси Баткен облусундагы апрель айында болгон чек ара чатагынын кесепетинен турак үйлөрү, үй-мүлкү жана мал-жаны жабыркаган тургундарга укуктук колдоо көрсөтүп келет.
Болуп өткөн чатакта турак жайларынан толугу менен айрылгандардын саны 128, ал эми, үй-мүлкү, малы тонолгондордун саны 146 үйбүлөгө жеткен.
Бизге маалым болгондой, калыбына келтирилген 128 даана үй коопсуз турак жай нормаларына жана стандарттарына жооп бербейт. Үйлөр структуралык жылуулоо панелинен курулуп, Баткен облусунун климаттык шартына жооп бербейт. Сырткы дубалдарынын калыңдыгы 100 мм, ал эми ички дубалдарынын калыңдыгы болсо 60 мм түзөт. Мындан сырткары, башка кемчилдиктерге да, тактап айтканда үйлөрдүн жылуулук системасы, саркынды суулардын канализациясы орнотулбаган.
Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин алдындагы архитектуралык жана курулуш агенттигине (Госстрой) кайрылып, анда жаны үйлөрдүн курулуш материалдарынын сапаты, өрт коопсуздугу боюнча долбоору, сапат боюнча сертификаттар, эки тараптуу келишимдин жана башка архитектуралык кагаздардын көчүрмөлөрүн таанышуу максатында суратууга мажбур болгонбуз.
Тилекке каршы, аталган Агенттиктен бир жүйөөлүү жооп болбоду. Аргасыздан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна даттанууга туура келди.
2022-жылдын 2-мартында 03/531 саны менен чыгышталып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жолдонгон Госстройдун катынын көчүрмөсү менин дарегиме да келип түштү. Ага ылайык, биз сураткан материалдарды бере алышпастыктары, бирок, 48 даана жабыркаган тургундардын арыздарынын негизинде, Госстрой тарабынан маселени жайында иликтөө үчүн Баткен облусуна комиссия жолдонгондугу, комиссияны аталган Агенттиктин жетекчисинин орун басары жетектегендиги, натыйжада, аталган комиссия тарабынан мааламдама даярдалгандыгы көрсөтүлгөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын Маалымдамасында, жаңы үйлөрдү куруу долбоорунда бөлмөлөрдү желдетуу шахтасы каралбаган, дубалдар жука, полдогу ламинаттар көтөрүлүп кеткендиги аныкталгандыгы көрсөтүлгөн. Бирок, маалыматта арыздануучулардын арыздардын тексттери окшош экендиги, арыздануучулардын 30% үйлөрүндө жок экендиктери тастыкталгандыгы да көрсөтүлгөн. Муну менен комиссия эмнени айткысы келген? Бизге бүдөмүк ой туудурат…
Албетте, түзүлгөн жагдай айкындуулукту жана объктивдүүлүкту талап кылат. Дефекттер бар, бирок аларды жоюга сунуш берип эле тим болгон жетишсиз деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу, жогоруда жазылган окуяларга чейин, көрсөтүлүп жаткан укуктук жардамдын алкагында, Биздин мекемени атынан 2022-жылдын 14-январында “Эксперттик-консультациялык борбор” мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюму” жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары “Эксперт”) арыз менен кайрылып, анда Баткен облусундагы апрель айында болгон чек ара чатагынын кесепетинен турак жайлары жабыркаган тургундарга, Туркия мамлекети тарабынан эки тараптуу келишимдин негизинде курулуп берилген үйлөрдүн сапатына эксперттик баалоо жүргүзүүнү суранганбыз.
Эксперттин талдоосуна төмөнкү суроолор коюлган. Алар төмөнкүлөр:

  1. Курулган турак-жайлардын техникалык абалы жана алардын техникалык нормаларга шайкеш келүүсү;
  2. Курулуш документтерин, анын ичинде долбоорлор, келишимдер, турак-жайлардын техникалык паспорттору, колдонууга беруу актысы, экологиялык экспертиза ж.б.;
  3. Турак-жайлардын жашоого жарактуулугу, эгерде мүчүлүштүктөр жана кемчиликтер болсо аларды жоюу туурасындагы сунуштар; Бул бөлүктө баалоо жүргүзүүгө, жабыр тарткан Баткен районунун Көк-Терек, Ак-Сай, Достук, ал эми Лейлек районунун Максат жана Сада айылдарында жайгашкан жаңы курулган турак-жайдын мисалында көргөзүү суралган.
    Аталган Эксперттик мекеменин эксперти берилген үйлөрдүн сапатына жайына барып эксперттик баалоо жүргүзүүлду.

2022-жылдын 17-февралында Эксперттик кортунду даяр болду.

Ага ылайык, Эксперттин кароосуна коюлган суроолорго дыкат изилдөө жүргүзүлүп, натыйжада Эксперт курулган турак-жайларда өрт сигнализациясы, түтүн жана өрт сенсорлору орнотулбагандыгы, желдетүү, ызы-чуу жана үн өткөрбөө жок экендиги, жылуулукту сактоо нормага туура келбестиги (дубалдар жука), үйлөрдү жылуутучу мештер менен жабдуу зарылчылыгы бар экендиги туурасында кортунду берген. Мындан сырткары, эксперт тарабынан аныкталган кемчилдиктерди жоюу боюнча сунуштар берилип, анда, жаңыдан курулган турак жайларда жабыркагандар ыңгайлуу жашоолору үчүн:

  1. суу жана канализация менен камсыздоо системаларын оңдоону;
  2. желдетуучу жабдыктарды камсыздоону;
  3. жылытуучу мештердин дефектисин жоюу;
  4. ызы-чууну өткөрбөөнү жөнгө салууну, жылуулукту сактоо боюнча кошумча жулытучуу курулуш материалдар менен бир катар уйлорду сыртынан каптоону;
  5. фундаменнтерди шыбактоону сунуштаган.

Түзүлгөн жагдайда, жабыркаган тургундардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алып төмөнкүлөрдү суранабыз:

  1. “Эксперттик-консультациялык борбору” мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюму” жоопкерчилиги чектелген коомунун эксперти тарабынан аныкталган кемчилдиктерди жоюуга багытталган кандай иш чаралар министрлер кабинети тарабынан көрүлгөндүгү жөнүндө маалыматты угууну;
  2. Иш-чараларды тийиштүү кызматтардын тез арада жүргүзүүсүн парламенттик контрольго жана көзөмөлгө алууну;
  3. Жаны курулган үйлөргө жылытуучу мештерди жана канализация системасын койгон ОсОО “Жакшына проект” кампаниясын кемчиликтерди жоюуга милдеттендирууну. Ачык порталлдагы маалыматтерга ылайык, бул кампания жылуулукту орнотуу үчүн 3 406 048 сом, ал эми канализацияга 8 681 094 сом сарптагын. Белгилүү болгондой, бул чыгымдар жарандардан жардам иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнө келип түшкөн болчу
Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *