Кейс

Акысыз укуктук кенеш улуу максатында, биздин коомдук бирикменин юристтерине Ош шаарынын тургуну  А.Х.Б. кайрылган. Анын укуктук койгойу томондогудой манызда: 2014-жылдын 18-июнундагы кыймылсыз мулкту сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун “К–К” айыл окмотунун “Ж-Т” айылында жайгашкан 0,06 га жер тилкесин сатып алган. Аталган жер тилкесине жеке турак жай курууга, тиешелуу архитектуралык уруксат кагаздары бар. Жер тилкесине карата укугу мыйзам чегинде каттодон откон. 

Жер тилкесин сатып алган учурда каржы тартыштыгынан улам, турак уй салууга мумкун болбогон. Ошол себептен, каражат табуу максатында, эмгек миграциясына кетууго мажбур болгон. 2018-жылы Кыргызстанга кайтып келип, жер участкама турак жай куруп баштаган. Тилекке каршы, коп убакыт отпостон эле, чек арачылар келип, жер тилкеси мамлекеттик чек ара тосмосуна 10 метрлик аралыкка жакын жайгашканын билдирип, турак жай курууга мумкун эместигин корсотушкон. Ошол кундон баштап, арадан торт жылга жакын убакыт откон. Барбаган жери, кайрылбаган адамы калбаган.   

Жер тилкесин сатып алууда, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин тиешелуу территориалдык мекемесинен тактап, талаштар жана чектоолор жок экендигин билген. Бирок, мындай койгойлор жаралуусунан кабары болгон эмес, болуусу да мумкун эмес болчу. Анткени, жонокой жарандар мамлекеттик кызмат органдарына ишеним артышат жана бул органдарда камтылган маалыматтарга ишенишет. Озу жалгыз бой эне, карамагында жалгыз уулу бар. Жашы болсо бир топко барып калган.

Жергиликтуу озун озу башкаруу органдарына, чек ара кызматына жана башка мамлекеттик органдарга барган. Бирок ушул кунго чейин турак жай сала албай келет.

Тущулгон жагдайда, айласы куруган А.Х.Б. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевичке кайрылган.

Президенттен анын жагдайына тушунуу менен мамиле кылып, аталган жер тилкеге турак жай куруу маселесин жонго салууга, эгерде турак жай курууга мыйзам жол бербесе, анда жер тилкесин башка ушундай эле жер тилкесине алмашытырып берууго, ага да мумкун болбосо, анда  мыйзам чегинде компенцациялытып берууго жардам беруунуну отунгон.

Президентке жолдонгон катка карата А.Х.Б.га жооп келип, анда койгойду чечуу учун кайра эле айыл окмотко барып, жерим боюнча суйлошуу жургузуу сунушталган.

Тилекке каршы, айыл окмот менен суйлошуп, чечууго мумкунчулук болбой жатат. Анткени, бир жолу барса окмот больничныйда, дагы бир жолу барса отпускада.

Деги, адилеттуулукко жетеби? А.Х.Б.нын аргасы тугонду.  Биздин олко укуктук олко эмеспи…? тилекке каршы озунун жеке менчик жер тилкесине турак жай салууга бюрократтык тоскоолдуктар жол бербей келет.

Азыркы учурда, биздин мекеменин юристтери тарабынан А.Х.Б. нын арызы боюнча тийиштуу административдик доо келтируу боюнча мыйзамдар изилденуудо.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *