Кейс

Биздин Коомдук Бирикменин юристтери тарабынан, телефондук кайрылууларга да, юридикалык кенештер берилип келет. Устубуздогу жылдын февраль айынын башында Жылдыз аттуу келин телефондук кайрылуу жасап, анда ал Ош шаарында убактылуу кун откоруп жаткандыгын, озу болсо Жалал-Абад облусунун тургуну экендигин, мамлекеттик ишканада иштээрин, жолдошу менен ажырашкандыгын, ортодо нике учурунда арттырган батир бар экендигин, соттун чечими менен батир экиге болунуп, 1/2 болугунун суммасы ага толонуп берилиши керек экендигин, бирок соттун чечимин аткаруу боюнча аткаруу ондурушу бутпой жаткандыгын, ушуга байланыштуу турак жай шартын жакшыртууга мумкунчулугу болбой жаткандыгын билдирген.

 Телефондук суйлошунун журушундо Жылдыздын эн негизги суроосу томондогудой экендиги аныкталды:

  • Жылдыздын жагдайында Мамлекеттик ипотекалык компаниядан ипотека шартында турак жай алганга мыйзамдар жол береби? Себеби, юридикалык жактан караганда анын жолдошу экоонун наамына катталган батир бар, бирок факт жузундо Жылдыз ал батирде жашабай жатат. Ага соттун чечимине ылайык, батирдин ага тиешелуу болугунун акчасы гана толонуп берилууго тийиш. 

Баарыбыз жакшы билебиз сот актысын демейдегидей аткаруу кыйын. Буга Жылдыздын жолдошу жана анын ондогон кенешчилери копко чейин жол беришпестиги анык.

Тузулгон жагдайда, Жылдызга укуктук кенеш беруу учун, анын иш материалдары менен дыкат таанышып чыгуу зарыл экендиги тушундурулду.

Ал эми Мамлекеттик ипоткалык компаниядан ипотека шартында кредит алуу учун коюлган критерийлердин бири катарында – катышуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) жана жашы жетпеген балдарынын менчик турак жайынын жоктугу талап кылынаары да маалымдандырылды.

Жылдыздын укуктук койгойу дыкат изилденип, анан гана кенеш берилууго жаткан койгой болуп саналат.  Мындан сырткары, аткаруу ондурушунон кантип тезирээк натыйжа болуш керек. Мунун баарын биздин мекеменин юристтери изилдеп, анан жооп беришет деп ишенебиз.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *