Кейс

2008-жылы «Ш» айыл окмоту тарбынан Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Н.А. аттуу жаранга жеке турак жай куруу учун 0,05 га жер тилкеси ажыратылып берилген. Бул жаран тарабынан аталган жер тилкеге убактылуу жашоочу уй (времянка) курулган. Капиталдык курулуш курууга жетиштуу каражаты жок болгондуктан, туруктуу жашоо учун уй курууга оз кезегинде мумкунчулугу болгон эмес.

Укуктук сабатынын жоктугунан улам Ш.Н.А. жер тилкеге карата жеке менчик укугун тиешелуу мекемеден каттоодон откоргон эмес. Ушул жагдайдан пайдаланып, «Ш» айыл окмоту аталган жер тилкенин 2/3 болугуно карата муниципалдык менчик укугун каттатып алган.

Ш.Н.А. аталган жагдай боюнча укуктук жардам сурап, жеке турак жайга болгон укугун коргоого комок корсотууну отунуп «Интербилим» коомдук бирикмесине кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 31-беренесинин 4-болугундо: Ыйгарым укуктуу орган жер участогуна укуктарды берүү жонундо документтердин кочурмолорун кыймылсыз мулкко болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жонотот жана алардын берилиши үчүн жоопкерчилик тартат, деп косротулгон.

Тилекке каршы, «Ш» айыл окмоту Ш.Н.А. га жер тилке ажыратып беруу жонундогу токтомун, «Кадастр» мамлекеттик мекемесине каттоо учун оз учурунда жиберген эмес. Натыйжада Ш.Н. А. учун укуктук кесепет жаралган. Тактап айтканда, аталган жер тилке бош турган деген жуйоо менен, «Ш» айыл окмоту муниципалдык менчикке откоруп алган.

Учурда «Интербилим» коомдук бирикмесинин юристери укуктук койгойду дыкат иликтеп, укукту коргоо боюнча тиешелуу кенештерди беруудо…

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *