Кейс

Биздин Коомдук Бирикменин юристтери тарабынан, телефондук кайрылууларга да, юридикалык кенештер берилип келет. Устубуздогу жылдын февраль айынын башында Ноокат районунун жашоочусу Жанаргуль (аты озгортулду) телефон чалып, юридикалык кенеш берууну суранган. Айтымында ал кичинекей кезинде ата-энесинен ажырап, тайэнесинин колунда калган. Тайэнеси аны эрезеге жеткирген. Бирок, 2021-жылдын ноябрында тайэнеси каза болуп калган. Бактыга жараша, козу отконго чейин эле, жеке турак жайына карата Жанаргулго керээз калтырууга улгургон. Анткени, Жанаргул тайэнесине камкордук корсотуп келген. Бирок, Жанаргул учурда тайакелери тарабынан кысымга алынып, андан жеке турак уйго карата керээзден баш тартуу талабы коюлуп жаткандыгын билдирген. Жогоруда корсотулгон укуктук койгойду изилдеп чыгып, Жанаргул юридикалык кенештер берилди. Жанаргулго, жаран озу олгондон кийин озуно тиешелуу мулкту же ага болгон укукту тескоо боюнча билдирилген жана тиешелуу турдо жол-жоболоштурулган эрк-ниети керээз деп таанылаары, керээзге калтыруучу мыйзам боюнча мураскорлорду тушундурруп отурбастан бир мураскорду, бир нече же бардык мураскорлорду мурастан ажыратып салууга укуктуу экендиги, мурас калтыруучу аны тузгондон кийин кандай гана болбосун учурда тузулгон керээзди жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө укуктуу жана мында жокко чыгаруунун же озгортуунун себептерин корсотууго милдеттуу эмес экендиги, Жазгулго карата тузулгон керээз эч ким тарабынан жокко чыгарылбагандан сон, анын мураска калган турак жайга карата укуктары мыйзамдуу экендиги тушундурулду.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *