Кейс

Эсиниздерде болгон болсо, мурдагы сандарда биздин Коомдук Бирикменин юристтери тарабынан, Ноокат районунун жашоочусу Жанаргүлгө (аты өзгөртүлдү) телефон аркылуу кенеш берилгендигин көрсөткөн элек. Ал эми бүгүнкү санда, Баткен районунан Ош шаарына ички мигрант болуп көчүп келген Толгонайдын телефондук кайрылуусуна карата берилген укуктук кенештин мазмунун айтууну туура кордук. Анткени, коптогон жарандар Толгонайдын көйгөйүнө окшогон көйгөйлөр менен жүргөндүгүн билебиз. Толгонай 10 жылдан ашуун аралыкта мугалимдик кесипти аркалап келген. Учурда оз ара пикир келишпестиктен улам жолдошу менен ажырашып, Ошко көчүп келүүгө аргасыз болгон. Кайрадан мектепке кирүү үчүн арыз берип жүргөн кези. Мындан сырткары, ал мамлекеттик ипотекалык компаниядан ипотека шартында батир алууну максат кылып жүргөндүгүн, бирок кантип кезекке туруусун билбей жаткандыгын билдирген. Натыйжада, ага кенеш берилип, анда, «Менин үйүм 2021-2026» Программасына катышуу үчүн арызды кабыл алуу https://portal.gik.kg шилтемеси аркылуу ОНЛАЙН түрүндө электрондук каттоодон өтүүгө мүмкүн экендиги, аталган шилтеме аркылуу киргенде, деталдаштырылап көрсөтүлгөн нускама бар экендиги жана ошол нускамада көрсөтүлгөн маалыматтарды киргизүү жолу менен кезекке турууга мүмкүн экендиги түшүндүрүлдү. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине ылайык, «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча ипотекалык кредиттер… мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында… иштеген жарандарга жеткиликтүү болоору түшүндүрүлдү.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *