Шырдаков Нуркул

Долбоордун алкагында биздин бирикменин юристтери тарабынан доогер, Кыргыз Республикасынын инвестиция Министрилигинин алдындагы мамлекеттик Мүлктү башкаруу Фондунун  жоопкерлер Н.Т.Шырдаков жана Р. Осмоновго карата мамлекеттик мүлктү сатуу, сатып алуу туурасындагы келишимди бузуу туурасындагы доо арыз боюнча Ош шаардык сотунда, андан сон Ош облустук сотунда журуп жаткан сот отурумдарына мониторинг жүргүзүлүүдө. Аталган келишим, Ош шаарынын ондогон тургундарынын турак үйгө жана турак үйдү тейлөөчү жер тилкелерине карата болгон, жеке менчик укуктарына түздөн-түз таасир этет. Бирок, Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 8-декабрындагы чечими менен, аталган доо арыз канааттандыруусуз калтырылган. Сот мындай тыянкка келүүдө, доо коюу мөөнөтүн өтүп кеткендигин көрсөткөн. Учурда доогер жана башка иштин катышуучулары тарабынан Ош облустук сотуна апелляция тартибинде даттануулар келтирилген. Ушуга байланыштуу, 2022-жылдын 22-мартында саат 15:30 Ош облустук сотунун экономикалык жана жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан ишти кароо башталды. Сот отурумунда доогердин өкүлү апелляциялык даттанууну колдоп, ишти жаныдан кароо учун Ош шаардык сотуна кайрадан жиберууну суранды. Соттук коллегия, доогердин өкүлүнөн “Эмне учун кайрадан кароо үчүн жиберүүнү суранып жатасыз? Процессуалдык мыйзам бузулганбы?, Биринчи инстанцияда эмнелер изилденген жок”,- деп суроо беришти. Бирок, доогердин өкүлүнөн жүйөөлүү жооп болгон жок. Ал эми жоопкерлер, Ош шаардык сотунун чечимин кучундо калтырууну суранышты. Ишке катышкан Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү, доогердин апелляциясын колдой турганын билдирди.

Соттук коллегия, тараптардын жүйөлөрүн угуп, ишти башка күнгө калтырды. Буга тараптардын талашылып жаткан укук белгилөөчү документтердин түп нускаларын сотко алып келбегендиктери жана кээ бир тараптардын соттук отурумдарга келбей калгандыктары менен түшүндүрүштү.

Иш соттук кароого 2022-жылдын 1-апрелине саат 10:00 гө белгиленди. 

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *