Гульжан кооператив

Акыркы мезгилдерде көпчүлүктүн көнүл чордонунда болуп жаткан турак-жай кооперативдери менен болгон мамилелерден жабыркаган адамдар көбөйүүдө. Биздин бирикменин юристтерине да, акысыз укуктук кенеш алуу максатында Т.Г. аттуу Ош шаарынын тургуну кайрылган. Ал 2021-жылы өзүнүн таанышы аркылуу турак-жай кооперативине кайрылган. Кооперативге турак-жай шартын жакшыртуу максатында акча каражатын которгон.  Кооператив ага 3 бөлмөлүү батир алып бермей болуп, эки тараптуу келишим түзүлгөн. Тилекке каршы, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө Т.Г. максат кылган батирди ала алган эмес. Анткени, кооператив келишимдин шарттарын аткарбаган. Ошентип Т.Г. же үй, же акча жок моралдык жана материалдык зыян тартууда. Т.Г. аргасыздан кооперативге которгон акчасын кайтарып берүүнү суранган. Кооператив тарабынан ага акчаны кайтарып берүү жөнүндө кепилдик каты берилген. Бирок, кепилдик катында көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Т.Г. өз акчасын ала албаган. Т.Г. күн сайын кооперативге барып акчасын талап кылууда. Бирок мунун баары ооз эки болгон. Ооз эки кайрылууга, ооз эки жооптор берилип келген. Тилекке каршы, курулай сөздү далилдөө кыйын. Андыктан, биздин бирикменин юристтери тарабынан Т.Г. нын укуктук койгойу изилденип, ага официалдуу түрдө кооперативге кайрылуу сунушу берилди. Кооперативдин кагаз жүзүндөгү официалдуу жообу алынса, Т.Г.га мындан ары укуктук позицияны туура койууга, акчаны тез арада өндүрүп алууга болгон ыкчам жана мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болот деген умуттобуз.  

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *