2023-жылдын 10-июль күнү Оштогу «Интербилим» коомдук уюму Жалал-Абад шаарынын Бабкин көчөсүнүн тургундарына юридикалык кеңеш берилди.

Жалал — Абад шаарындагы Бабкин көчөсүнун жолун 12,5 чакырымга кеңейтүү максатында,  24 үйдүн курулуштары буздурулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан акчалай компенсация каралган.

Бирок, Бабкин көчөсүнүн тургундары компенсациянын баасы, баалоо агенттиги тарабынан аз эсептелип калгандыгын айтып «Интербилимге» кайрылышкан.

Андан соң «Интербилим” Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолдубай Бөрүкулов менен сүйлөшүү иштерин жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө:

үйлөрдүн баалоо иштерин көз карандысыз агенттиги тарабынан баалоо жүргүзүлгөн, биз баалоо агенттиги тарабынан берилген отчоттордун негизинде иш алып барып жатабыз, алардын берген баасына кирише албайбыз

дейт  Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолдубай Бөрүкулов

— үйлөр баалоо агенттиги тарабынан бааланган. Дал ушул  менчиктин ээлери, баалоонун баасына нааразы болсо,  жеке баалоо агенттикине кайрылса болот, эч кандай  тоскоолдук жок”

— ал жерде кызыл сызыктан чыгып кеткен үйлөр  бар, бирок биз ага карабай  “көзүбүздү  жумуп”  компенсация төлөп беребиз!  Себеби териштирип олтурганы убактым жок

— НКОдонэкенсинер, бут тоспогула. Мен бул жолду өз убагында бүтүрүшүм керек

дейт  Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков

Андан соң Бабкин көчөсүнүн тургундарына мыйзам чегинде кантип өз укуктарын коргоо керектиги түшүндүрүлдү.

Бирок, биздин байкообузда, компенсациянын көлөмү базар баасынан төмөн болуп калган. Биздин тажрыйбага таянсак эмнегедир бийлик жалдаган көз карандсыз баалоо агенттиги дайыма төмөн эсептейт. Жарандар макул болбосо, өздөрү дагы баалоо өткөзүп сот аркылуу компенсациянын коломун көтөрүүгө укугу бар. Ага дери сүрдүрүү иштери токтоп туруу керектигин эскертебиз!

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *