9 жана 11-класстын окуучулары мамлекеттик сынак тапшырбайт

9 жана 11-класстын окуучулары мамлекеттик сынак тапшырбайт, анын ордуна мектеп окуучуларына окуу жылында кандай окуганына жараша сынактык баалар коюлат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдады.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны жүргүзүү үчүн мектептерде ар бир сабак боюнча предметтик комиссия түзүлөт. Ал бааларды коюуда окуучулардын чейректик бааларын, анын ичинде контролдук жана лабораториялык иштерин эсепке алат.

Мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын мүдүрү Марат Үсөналиев баалар кандайча коюларын түшүндүрдү:

«Эгерде окуучу 1-чейректе “5”, экинчи чейректе — “3”, үчүнчү чейректе — “4”, ал эми 4-чейректе — “3” алган болсо, анда анын баарын кошуп, [чейректердин] санына бөлөбүз, орто баасы чыгат. Мисалы, “3,4” деп чыкса, анда окуучунун пайдасына чечилет, тагыраагы, “4” деген баа коюлат. Класс жетекчилери сынактын бааларын ошол эле күнү онлайн-форматта жарыялашат», — деп билдирди Үсөналиев.

Мындан тышкары, эгер окуучу баага макул болбосо, анда ал аппеляцияга бере алат. Аппеляциялык комиссия окуучунун мугалимдери менен маектешип, анын арызын карап чыгат.

Окуу жылы өлкөнүн бардык мектептеринде 25-майда аяктайт, ал эми жыйынтыктоочу аттестация 2-июндан 12-июнга чейин жүргүзүлөт.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *