А сиз подкаст эмне экенин билесизби?

«ChatyrLab» жарандык мониторинг мектебинин окуучулары, адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө көндүмдөрүн үйрөнүп, ошондой эле подкасттар сыяктуу медиа материалдарды түзүү боюнча окутуу куралдары жана журналисттик иликтөө жүргүзүү куралдарын үйрөнүштү.

Мектепти аяктагандан кийин студенттер төмөнкү тажырыйбага ээ болот:

— Подкасттар сыяктуу медиа-материалдарды жаратуу;

— Сиздин медиа материалдарды түзүү үчүн адамдар менен натыйжалуу маектешүү (интервью);

— жалпысынан адам укуктарынын сакталышын жана турак жайга болгон укукту түшүнүү;

— Мониторинг инструменттерине жана журналисттик иликтөө ыкмаларына ээ болуу;

— Подкасттарды, журналисттик макалаларды түзүү үчүн фактыларды жана материалдарды чогултуу;

А сиз подкаст эмне экенин билесизби?

Подкаст — бул аудио программалар, телешоулор же блогдор. Аларды сиз жүктөп же онлайн уга аласыз. Подкаст менен радионун айырмасы — жанрды жана теманы тандап, каалаган ыңгайлуу убагында угуу. Жашоонун ылдам темпинде, подкасттар бизнес же жумуштан кетип бара жатканда керектүү маалыматтарды алууга жардам берет.
Бул боюнча бизге “Киши” подкастынын жаратуучусу Эльмурат Асан түшүндүрүп берди. Ал өзүнүн подкасттында коомду жакшы жакка өзгөрткүсү келген жана ал үчүн өз салымын кошкон кишилер менен тааныштырат.

Бул мектеп Сорос-Кыргызстан Фондусунун колдоосу менен “Интербилим-Ош” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жеткиликтүү жана коопсуз турак жай шаары» долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Эгерде сиз подкаст уксаңыз, комментарийде бөлүшө кетиңиз.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *