Урматтуу окурман!

Өзүнүз жакшы билгендей, учурда Ош-Баткен-Раззаков жолунун 47 км, тактап айтканда 28-75-кмге  чейинки чакырымынын курулушун баштоо мерчемделип жатат.  Жергиликтүү тургундардын, жүргүнчү жана айдоочулардын чыныгы көйгөйүнө айланган жолдун оңдолуусу, баарыбыздын кубанычыбыз болду…

Тилекке каршы, жолду кеңейтүүнүн жүрүшүндө, бир нече турак үйлөр, жер тилкелер жана башка багыттагы курулмалар бузулган, же болбосо бузулуусу кутүлүүдө. Алардын ичинде Куштардын (аты өзгөртүлгөн) да турак үйү жана чарбалык курулуштары жолдун эсебинен бузулуусу күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу, ал өз үйбүлөсү менен аябай тынчсызданып, биздин Коомдук Бирикмебизге укуктук кеңеш алуу максатында кайрылган.

         Биздин юристтер жаралып жаткан көйгөйдү изилдеп көрүшкөндө,  Куштардын турак үйгө жана жер тилкеге карата укуктары, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалында каттодон өткөндүгү анык болду.

1998-жылдын 22-декабрындагы 153 сандуу “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинде: … Каттоонун юридикалык күчүнө кирген учурунан баштап, мамлекет ошол катталган укуктарды жана алар менен алака жасоону, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте корголушун камсыз кылат” деп белгиленген.

         Каарманыбыз Куштар, жаңы жана заманбап жолду курууга жана өз мүлкүн мамлекеттин жана коомдун кызыкчыдыгында берүүгө каршы эмес. Бирок, ал өз мүлкүнөн ажыроодо, адилеттүү компенсация төлөнүүсүн каалайт. Куштардын калоосу мыйзамга туура келет жана ал бир нече мыйзамдар менен жөнгө салынган.

Мисалга алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинде: Кыргыз Республикасында  менчик кол тийгис экендиги, эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбай тургандыгы жана мыйзамда аныкталган коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу ал мүлктүн наркынын жана мүлктү ээликтен ажыратуунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын ала камсыз кылуу жолу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлөрун кепилдеген. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин компенсация төлөнүп бериле элек.

Түзүлгөн жагдайды жөнгө салууну көздөп, биздин мекеменин жетекчиси,  компетенттүү мамлекеттик органдарга кат жүзүндө бир нече кайрылууларды жасаган. Учурда аталган кайрылууларга бирин-серин жооптор берилүүдө. Андыктан, Куштардын маселеси актуалдуу бойдон калууда.

Куштардын көйгөйү туурасында бардык жанылыктарды Сиздерге мындан ары да кабарлап турабыз… Анткени, ар бир кыргыз жараны, мыйзамдуу мамлекетте жашоого укуктуу!!!

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *