«Чет өлкө өкүлдөрү» жөнүндө мыйзам долбоору туурасында бриф (айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр)

2023-жылдын 19-майында Парламенттин 33 депутаты, анын ичинде саясий беделдүү өкүлдөрү, россиялык мыйзам чыгаруу үлгүсү боюнча коомдо чет өлкөлүк агенттер туурасында долбоор деп аталган Мыйзамдын кабыл алынышын демилгелешкен. Алгач Ата-Журт Кыргызстан башкаруучу саясий партиясынын депутаты Надира Нарматова тарабынан илгерилетилген документ Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү болжойт. Аталган мыйзам долбоору Парламент тарабынан кабыл алынып, 2023-жылдын июль айынын аягынан кеч эмес күчүнө кириши шексиз. 

Мыйзам долбоорунун негизги жоболору:

  • Чет өлкө өкүлдөрүнүн иш-милдеттерин аткарган коммерциялык эмес уюмдардын жаңы макамын бекитүү, бул тизмеге чет өлкөдөн каржылоо алып, саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн КЭУлар кирет. Саясий ишмердүүлүктүн абдан кеңири жана так эмес түшүнүгү кийрилип, бул катарга мамлекеттик органдар жүргүзгөн мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, көрсөтүлгөн максатта коомдук көз карашты калыптаган деп таанылган каалаган аракет кирмекчи.  

КЭУлар Юстиция министрлигинде чет өлкө өкүлдөрү катары өз алдынча катталышы зарыл. Эгер КЭУ өзүн чет өлкө өкүлү катары тааныбаса, анда мындай КЭУнун ишмердүүлүгү (анын ичинде банк операциялары) 6 айга чейин же каттоодон өтүүсүнө чейин токтотулат

Мындай макамды кийрүүдө мыйзамдуу иш алып барган, анын ичинде адвокацияны жана коомдук талкууларга катышкан КЭУларды куугунтуктоо тобокелдигин күчөтүп, ошондой эле мындай уюмдарга карата коомчулуктун жана мамлекеттик мекемелердин мүмкүндүү ишенбестигин, коркунучун жана кастыгын жаратып, бул көрүнүш алардын ишин кыйындатмакчы.  

Саясий ишмердүүлүк катарына илим, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо, жарандардын саламаттыгын коргоо, жарандарды, майыптарды социалдык колдоо жана коргоо, эне жана баланы коргоо, дени сак жашоону, дене тарбияны жана спортту пропагандалоо, өсүмдүк жана жаныбалар дүйнөсүн коргоо, ошондой эле кайрымдуулук ишмердүүлүгү кирбейт. Бирок, саясий ишмердүүлүк түшүнүгүнүн так эместигинен улам бийлик бул жааттагы КЭУнун каалаган активдүүлүгүн, мисалга саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзамдарды жана/же мамлекеттик саясатты өзгөртүү керектигин демилгелөөсүн саясий катары таанышы ыктымал.  

  • Чет өлкөлүк КЭУнун жаңы макамын орнотуу, мындай уюмдар катары Кыргызстан аймагынан тышкары чет өлкө мамлекетинин мыйзамдары боюнча түзүлгөн жана алардын негиздөөчүлөрү мамлекеттик органдар болуп саналбаган уюмдар таанылат. Чет өлкө КЭУлары Кыргызстанда расмий түрдө катталган өз филиалдары жана өкүлчүлүктөрү аркылуу иш алып барышат. 

Бул жерде олуттуу укуктук аныксыздык орун алган, себеби мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын Кыргызстанда КЭУну түзүүсүнө (негиздөөсүнө) тыюу салынышы каралган эмес. Буга байланыштуу бир жагынан, негиздөөчүлөрү чет өлкөлүк/эл аралык субъекттер болгон уюмдар Кыргызстан аймагында кадимки, “улуттук” КЭУлар формасында түзүлүп, иш жүргүзө алышат. Башка жагынан алганда, иш жүзүндө мамлекеттик органдар мындай уюмдар чет өлкөлүк/эл аралык уюмдардын филиалдары же өкүлчүлүктөрү катары түзүлүшүн талап кылышы мүмкүн.       

  • Бардык КЭУлар, анын ичинде чет өлкөлүк КЭУлар жана чет өлкөлүк өкүлдөрдүн КЭУлары үчүн отчеттуулуктары кыйла кеңейет, бул отчеттулукка мүлк өлчөмү жана курамы, чыгашаларынын жана кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, кызматкерлеринин саны жана жеке курамы, эмгек төлөмү, волонтерлорду колдонуусу туурасында маалымат кирмекчи. Кошумча отчеттуулук түрлөрү орнотулууда, анын ичинде ЖМКларда жайгаштыруу максатында дагы. Бул КЭУлардын кызматкерлери туурасында маалыматтын ачыкталышына, мамлекет жана non-state agents тарабынан болгон чагымдарга, абийирин кетирүүгө, куугунтукка алууга алып келиши мүмкүн (мисалга, мекен чыккынчылары же ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү деп абийирин кетирүү). 
  • Чет өлкө өкүлдөрү-КЭУларга карата мамлекеттик көзөмөл олуттуу күчөмөкчү, Юстиция министрлиги алардын ишине кийлигишүүдөгү кеңири ыйгарым укукка ээ болмокчу, анын ичинде пландалган жана пландалбаган текшерүүлөрдү жүргүзүү, ички маалыматына жеткилик, уюмдун калаган иш-чарасына катышуу мүмкүнчүлүгү ж.у.с.  
  • Мыйзамдарды бузгандыгы, отчет бербегендиги же КЭУнун негиздөөчү документтери менен аныкталган максаттарына каршы келген аракеттерди жасагандыгы үчүн кошумча жоопкерчилик чаралары, анын ичинде жазуу түрүндөгү эскертүү, мам.реестрден чет өлкөлүк КЭУну чыгарып салуу, б.а. ишмердүүлүгнө тыюу салуу орнотулат. 
  • Конституциялык түзүмдүн негиздерин коргоо, мамлекеттик коргонуу жана мамлекет коопсуздугун, адеп-ахлакты, саламаттыкты, башка жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыздоо максатында чет өлкөлүк КЭУларга белгилүү алуучуларын каржылоого тыюу салуу мүмкүнчүлүгү орнотулат. Бул максаттардын так эместигинен иш жүзүндө мам. органдары эч бир негиздемесиз каалаган юридикалык жана жеке жактарды каржылоосуна тыюу салууга мүмкүнчүлүк алышмакчы.  
  • КЭУну же чет өлкөлүк КЭУнун филиалын түзгөндүгү үчүн, ага катышып же анын ишмердүүлүгү жарандарды алардын жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка укукка каршы келчү аракеттерди жасоого үндөө менен байланышкан болсо, анын ишмердүүлүгүн пропагандалоо үчүн катуу кылмыш-жаза жоопкерчилиги кийрилет (айыппулдан тартып 10 жылга чейин эркинен ажыратууга чейин). КЭУнун иш жүзүндөгү өкүлдөрү, алардын волонтерлору жана/же иш-чараларынын катышуучулары, ошондой эле башка жактар, мисалы социалдык тармактын колдонуучулары жарандык активдүүлүгү, коомдук көзөмөлү, нормалдуу саясий активдүүлүгүн үчүн түрмөгө камалышы мүмкүн.   
Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *