«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору туурасында бриф

2023-жылдын 15-майында Президенттин Администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңыланган вариантын коомдук талкууга чыгарып, расмий түрдө демилгеледи. Аталган мыйзам долбоорунун биринчи варианты Президенттин Администрациясы тарабынан 2022-жылдын сентябрь айында жарыяланган эле. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Кырыгзстандын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 7-декабрында документти кайра иштеп чыгуу үчүн иш тобун түзүп, ал топтун курамына медианын жана укук коргоочу коомчулуктардын өкүлдөрүн кошкон. Бирок жарандык коомчулук уюмунан турган иш тобунун мүчөлөрү алардын сунуштары менен жүйөлөрүн документти иштеп бүтүрүүдө тоотпой коюшуп, алар эске алынбаганын билдиришкен. Парламент мыйзам долбоорун караштыруу жана мүмкүндүү кабыл алуу процедураларын 2023-жылдын 15-июнунда баштап, жарандык коомчулук уюмунун баамында документ Парламент тарабынан мүмкүндүү кабыл алынып, 2023-жылдын июль айынын аягынан кеч эмес күчүнө кирмекчи. 

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорунун негизги жоболору.

  • Мыйзам долбоорун олуттуу түрдө иштеп бүтүрүү талап кылынат, себеби документте көп сандагы ачык эместиктер жана ичинде өз ара жана башка колдонуудагы мыйзамдар менен карама-каршылыктар бар, бул иш жүзүндө ЖМКлардын, каалаган веб-сайт ээлеринин жана жарандардын укуктарынын олуттуу бузулушуна алып келмекчи. 
  • ЖМК түшүнүгүнүн так эмес, кеңири жана ошол эле учурда карама-каршы келген аныктамасы түзүлүүдө, бул иш жүзүндө ЖМК деп таанылган жактардын/уюмдардын так чөйрөсүн аныктоо ишин татаалдантып, мындан улам алар мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү болушуп, ошондой эле ЖМК макамына байланыштуу мамлекет алдында отчеттуулугу жана көзөмөлдүгү менен бирге белгилүү укуктар жана милдеттер чөйрөсүнө ээ болушмакчы.  
  • Кыргызстанда негизделген дээрлик бардык веб-сайттар ЖМК катары таанылышып, мамлекеттик катоодон өткөрүлөт, ошондой эле ЖМК макамына байланыштуу белгилүү укуктар жана милдеттер чөйрөсүнө ээ болушат. Бул учурда бир топ олуттуу суроолор жаралууда. Эмне себептен бардык сайттарды, анын ичинде ЖМКга тиешеси жок, мисалга эл аралык, чет өлкөлүк, бейөкмөт уюмдарынын, бизнес субъектилеринин, каалаган жеке жана юридикалык жактардын веб-сайттарын дагы ЖМК катары таанып, каттоодон өткөрүү керектиги күмөн. Мындан тышкары, мыйзам долбооруна ылайык ЖМКнын ээси/негиздөөчүсү каттоодон өткөн күбөлүгүн алган күнүнөн тартып 6 ай ичинде продукциясын өндүрүүгө киришиши зарыл. Бул мөөнөттөн кечиккен учурда көрсөтүлгөн күбөлүк жараксыз деп таанылып, бул иш жүзүндө ЖМКнын мажбурлуу жоюлуусун билдирет.  

Талдоодон улам каалаган веб-сайттардын ишин токтотуп туруу жана жоюу боюнча кеңири мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу менен бийликтин Интернет мейкиндигин катуу көзөмөлгө алууга айкын умтулуусу көрүнүп турат. Балким иштеп чыгуучулар бардык Интернет сайттарды эмес классикалык ЖМК мүнөздөргө ээ, мисалга, коомдо орун алып жаткан түрдүү окуяларды туруктуу негизде чагылдырып тургандарын гана  жөнгө салуу максатын көздөшкөндүр. Бирок, веб-сайттарды ЖМК катары таануунун так критерийлерин аныктоонун ордуна жөн гана бардык веб-сайттарды каттоодон өткөрүү сунуш кылынган, бул абдан кыйын, дээрлик ишке ашпас милдет, буга кошумча болуп мамлекеттин эң зор ресурстарын талап кылмакчы. 

  • Бардык ЖМКлар жана веб-сайттар жаңы, катаал процедуралар боюнча мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өтүүсү зарыл, бул көптөгөн аракеттеги ЖМКлардын каттоодон өтүүдөн баш тартуусуна, б. а. алардын ишмердүүлүгүн токтотушуна алып келет. 
  • ЖМКлар үчүн так эмес жана кеңири аныктамалар орнотулууда,  бул негизсиз укук колдонулуучу иш-тажрыйбага, ЖМКлардын ишинин мажбурлуу токтотуусуна жана жоюусуна, веб-сайттардын жабылышына алып келиши мүмкүн. Мындай тыюу салуулардын бири болуп калктын саламаттыгына жана адеп-ахлагына зыян келтирген порнографияны, бир жыныстуу никелерди пропагандалаган материалдарды жайылтууга жол берилбестиги саналат. Мисалга, адамдардын адеп-ахлагына зыян келтирген деген аныктама керек болсо бир өлкө ичинде, этникалык же диний топтун ичинде түрдүү чечмелениши мүмкүн.  
  • Сот тарабынан ЖМКнын, веб-сайттын имшердүүлүгүн мажбурлуу токтотуп туруу же жоюусу үчүн так эмес жана кеңири аныктамалар орнотулууда. Буга негиз болуп 12 ай аралыгында мыйзам эки жолу бузгандыгы чыгат, бул учурда эч кандай ченемдиги – жасалган жосун канчалык олуттуу болгондугу, анын кесепеттери эске алынбайт. 
  • Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар тарабынан, теле- жана радиоканалдарды, теле-, радио-, видеопрограммаларды, веб-сайттарды түзүүсүнө тыюу салынат, анын ичинде кош жарандыкка ээ Кыргызстан жарандары жана 50%дан жогору чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактар бар. 
  • ЖМКны же Интернет тармагын колдонуп, соттолгондугун жабуу кесепеттерин эске албастан соттолгондугу бар жактардын ЖМКны түзүүсүнө тыюу салынат. Кылмыш-жаза мыйзамдарында соттолгондугу жабылууда жасалган кылмыштын укуктук кесепеттери жоюлат деп көрсөтүлгөн, бирок мыйзам долбоорунда бул туурасында сөз кылынган эмес. Буга байланыштуу иш жүзүндө 15 жыл мурун жасаган кылмышы үчүн соттолгондугу жабылган адамдарга ЖМК түзүүдө баш тартышат. Ошол эле учурда колдонуудагы мыйзамдар Президент кызматына жана Жогорку Кеңештин (Парламенттин) депутаты катары соттолгондугу бар адамдардын шайлануусуна жол берет.  

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *