«Эки айдан бери уста жок». Баткендеги үйлөрдү куруучу компания усталарга эмгек акысын төлөбөй жатат

Баткендиктер курулуш компаниялар усталарга эмгек акысын төлөбөй койгону үчүн курулуш иштери токтоп турганын «Клоопко» айтып даттанышты. Алардын үйлөрү 2022-жылы 14-17-сентябрда болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган.

16-мартта Баткен облустук администрациясынан «Клоопко» облус башчысы Абдикарим Алимбаев Ак-Сай айыл аймагынын тургундары менен жолугуп, курулуш башкармалыгына маселени чечүү үчүн тапшырма бергенин билдиришти. 

Ал эми Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүүгө жооптуу «Аманат Курулуш Инвесттин» башкы прорабы Кудайназар Жолматов усталардын акысы төлөнөт деп убада берди.

«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын юристи Нуркыз Жанышбекова «Клоопко» Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү иш-чаралары менен жеринен таанышканын билдирди. Ал усталарга эмгек акы төлөмдөрү кечигип жатканын тастыктап, аны менен катар тургундар курулуштун сапатына да арызданганына дагы токтолду.

«Капчыгайда жалпы 50дөн ашык үйдүн курулушу бүтө элек. […] Ошондой эле тургундар үйлөрдүн сапатына арызданышып, кээ бир үйлөр проект менен архитектуранын стандарттарына дал келбей турганын билдиришти. Мисалы, бир тургун жуунучу бөлмөдө плиткалар шыпка чейин болушу керек экенин, бирок куруучулар дубалдын жарымына чейин эле жасап коюшканын айтты. Андан тышкары, дагы бири септикти үйгө жакын казып коюшканын, жада калса 15 метр дагы аралык жок экенин белгиледи», — деди «Интербилим» эл аралык борборунун юристи.

Ошондой эле Жанышбекова учурда куруучулардын башкы көйгөйлөрүнүн бири тамак-аш болуп жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, усталар «айыл тургундарынан азык-түлүктү карызга алууга аргасыз» болуп жатышат.

«Бир тургундун айтымында, анын куруучуларынын этке деген карызы 70 миң сомго жетип калыптыр. Бул “Доор” компаниясына тиешелүү болуп жатат. Анан дагы тургундар компенсация качан төлөнөрү тууралуу сурашып, талаа иштерин баштап, көчүп барышы керектигин айтышты. Азыр алар ижараны төлөөдө кыйналып жатышат», — деди Жанышбекова.

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *