«Сулайман-Тоону» курчаган курулуштардын чыры

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” музей комплексинин коругуна (буфердик аймагына) курула баштаган имараттар адистерди кабатыр кылууда. ЮНЕСКОнун талаптарын бузуу менен курулган үч имарат ээси менен музей-комплекстин жетекчилиги азыркы учурда соттошууда. Эгерде турак-жайлар улам курула берсе, Оштун негизги символу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгышы мүмкүнбү?

“Сулайман-Тоонун” коргоого алынган аймагында жыл сайын жаңы имараттар пайда болууда. ЮНЕСКОнун талаптары буфердик аймакка жаңы курулуш курууга тыюу салбайт, бирок анын бийиктигине чек коёт. Тагыраагы анын жайгашкан жерине карап, курулган имарат 4-5 кабаттан ашпоого тийиш.

Аны көзөмөлгө алуу Маданият министрлигине жүктөлүп, куруучулар андан атайын уруксат алуусу керек. Бирок айрымдары бийик имараттарды куруп алып, эми соттошуп жатат. Бул өз кезегинде «Сулайман-Тоонун» эл аралык уюмдун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучун жаратууда.

Музей-комплекстин директорунун орун басары Хайрулла Убайдуллаев Ош шаарынын аймагына кирген эки, Кара-Сууда жайгашкан бир имарат ээлери уруксаты жок турак-жай үйлөрүн кургандыгы үчүн соттошуп жатканын билдирди.

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c4nzqlqzx3wo?fbclid=IwAR35ErEC5NSfDGJC8hVZF9pAPQXKdt-JR185gHnYjQ0Wpr_PQHQyC7i-jWQ

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *