“Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасы боюнча Баткен шаарында талкуу жүргүзүлдү

Учурда Өкмөт тарабынан “Жеткиликтүү турак жай” программасынын уландысы болгон “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасы иштелип чыккан.
12-мартта Баткен облусунда «Менин үйүм 2021-2026» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын концепциясынын долбоору боюнча талкуу жүргүзүлүп, катышуучулар сунуштарын беришти. Бул иш-чара “Интербилим-Ош” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.
Программанын негизги максаты — өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу. Ошол эле учурда, ушул максатка жетүүнү төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашыруу аркылуу камсыз кылуу пландаштырылууда:

  • каржылоону кеңейтүү жана турак жай секторуна инвестицияларды тартуу;
  • ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
  • Программаны каржылоонун кошумча булактарын тартуу жана турак жай курулушун, анын ичинде баалуу кагаздарды стимулдаштыруу үчүн альтернативдик финансылык инструменттерди киргизүү;
  • келишимдик турак жай топтоо тутумун өнүктүрүү;
  • турак жай курулушунун көлөмүнүн өсүшү;
  • Программаны ишке ашырууга бардык тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн катышуусу;
  • турак жай программасын ишке ашырууга финансы-кредит мекемелерин кеңири тартуу;
  • Программаны ишке ашыруунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында процесстерди санариптештирүү.
Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *