Ош шаарынын жергиликтүү бюджети элге уктурулду

8-февраль Ош шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин коомдук уктуруусу болуп, анда шаар тургундары, Коомдук уюмдар өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык мекеме-ишканалары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катшышты.

Коомдук уктурууга 300 гө жакын жарандар катышып, быйылкы бюджет боюнча суроолоруна жооп алышты. Катышуучулардын көбү кийинки жылдарга бюджетке кошууну суранып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн сунуштарды калтырышты.

Бул жылы коомдук уктуруу жылдакыдан айырмаланып, анда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дагы активдүү катыша алышты. Атайын угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандар үчүн котормочулар жалданган. 

Мүмкүнчүлүктөрү чектелгенер коомчулугу, шаар баарына жеткиликтүү эместигин, мекемелерде пандустар жоктугун, окуу жай же машыгуу залдары жоктугун айтып, эң негизги көйгөйү киреше бөлүгү аз болгону үчүн социалдык турак жай боюнча болду. Ага карабай социалдык коргоо тармагына быйылкы жылы шаардык бюджеттин 1,3 % гана каралган. 

Ош шаарынын жергиликтү бюджети 2022-жылга  1 600 510,0 миң сомго аныкталып, эң көп каражат турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү тармагына бөлүнүүсү пландалып, 559 млн 737 миң сомду түзөт. 

Жыйын Интербилим Ош, БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) нун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын кеңсеси жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңеши менен биргеликте уюштурулган. 

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *