Ошто деталдуу пландоо долбоору талкуланды (ДПД)

Бүгүн, 18 июнда 2016-жылдан 2025-жылга чейин бекитилген Деталдуу пландоо болборуу Ош шаарынын мэрия жана Архитектура тарабынан коомдук талкууга коюулду. Талкууда жумушчу топтун мүчөсү, архитектор, эксперт Хансар Айткулов угучууларга түшүндүрмө берип өттү. Коомдук угууга келген катышуучулар да өз сунуштарын айтышты.  

  • Деталдуу пландаштыруу долборун кандай түшүнөсүз? Ал эмне?

Деталдуу пландаштыруу долбоору берилген аймакты рационалдуу пайдаланууга жана ага курулуш объекттерин туура жайгаштыруусуна мүмкүндүк берет. Дал ушул ДПДнын негизинде, участоктун курулуш долбоорлорунун бир нече варианттары түзүлөт. Бул документтер конкреттүү аймактын башкы планына ылайык иштелип чыгат. Деталдуу план түзүмдүн функционалдык максатын, курулуш кодексинин талаптарына ылайык аймактарды бөлүштүрүүнү, мамлекеттик тейлөө ишканаларына болгон муктаждыкты, аймак үчүн инженердик даярдыктын көлөмүн жана коммуналдык тармактардын тутумун аныктайт. Жер участогун деталдуу пландаштыруу планына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, бирок айрым талаптарды эске алуу менен гана. Алардын эң негизгиси — бардык түзөтүүлөр башкы пландын талаптарына жооп бериши керек.

Бир объекттин куруу идеясын иш жүзүнө ашырганга чейин белгилүү бир райондун аймагында толук пландаштыруу планын иштеп чыгуу керек. Бул документ туура долбоорлоо жана курулушту пландаштыруу үчүн башкы планга ылайык иштелип чыгат.

#СоросКыргызстан #soroskg
#ИнтербилимОш

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *