Өзгөн шаарынын каймактары менен алгачкы жолугушуу

Бүгүн Өзгөн шаарынын жаштары менен жолугуп, «Жергиликтүү жаштар менен Өзгөн шаардык мэриясынын ортосундагы чыр-чатактын алдын алууда кызматташууну чыңдоо» долбоорунун бетачарын өткөрүп кайттык. 

Жолугушууга ар турдүү тармактардан 16 жергиликтүү жаштар келип, долбоорго катышууга кызыктардыгын билдиришти. 

Алдынкы 8 ай ичинде жаш активисттер окуу программасын өтүп, муниципалдык жергиликтүү кызматтарга коомдук мониторинг жүргүзүшөт. Жыйынтыгында Өзгөн шаарынын мэриясы менен биргеликте жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу планын иштеп чыгышат. 

Долбоор “Ынтымактуу Жашоо” долбоору алкагында, International Alert Kyrgyzstan колдоосу менен ишке ашырылып, Европа Биримдиги тарабынан каржыланууда.   

Комментарии Фейсбук

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *