2022- жылдын 30- август күнү «Интербилим- Ош» коомдук уюму Ноокат районундагы сүрдүрүүгө кабылган үйлөр боюнча пресс- конференцияда маалымат берди.
Эске сала кетсек 2022 жылдын апрель айларында Ноокат районунда бир нече үйлөр сүрдүрүүгө дуушар болгон. Сүрдүрүүлөр Ноокат райондук акимиаттын буюртмасынын негизинде башталып жалпысынан 424 турак жай объектилерине чечим чыккан. Оштогу Интербилим уюмунун жетекчиси Гульгакы Мамасалиева билдиргендей:«Апрель айында Ноокатта жол жээгиндеги 200гө жакын үй сүрдүрүлгөн, жергиликтүү бийлик жарандар менен уюштурулган жыйында сүрдүрүүлөрдү Ош-Баткен-Исфана жол курулушу менен […]